2018-жылы Европадагы кыймылсыз мүлк рыногунда эмне болду

Франциядагы жана Монакодогу батирлер, үйлөр жана виллалар – кимдир-бирөөлөр үчүн кыял, кимдир-бирөө үчүн – чындык, ал эми кимдир бирөө үчүн – бизнес. Биз бүгүн Европа рыногунда эмне болуп жаткандыгын, батыш агенттиктери кантип иштеп жатканын, ким эмнени сатып алып жатканын билүүнү чечтик. Ал үчүн биз кыймылсыз мүлк боюнча алдыңкы европалык далдалчы компаниялардын биринин ArendaLazur TM (Cofrance SARL) директору Виталием Архангельский менен сүйлөштүк.

– Виталий Дмитриевич, Сиздин компания ArendaLazur TM (Cofrance SARL) эмне менен алектенерин эки сөз менен айтыңызчы? Сиз Францияда гана иштейсизби же бүткүл Европа боюнчабы?

– Бүткүл Европа боюнча иштейбиз, бирок Ниццада башкы кеңсебиз болгондуктан, албетте Франция жана Монако бизде артыкчылыкта турат. Эмне менен алектенебизби? Кыймылсыз мүлктүн бардык: жеке, коммерциялык, жөнөкөй жана элиталык түрлөрү менен. Чет өлкөлүктөр, атап айтканда Россиядан келгендер менен, аларга объект тандоого, аны карап чыгууга, алууга, жыйынтыгында – кам көрүүгө жана ижарага берүүгө жардам берип активдүү иштейбиз. Коштоочу, анын ичинде юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексинин бардыгын көрсөтөбүз. Салык, коммуналдык төлөмдөр, камсыздандыруу менен байланыштуу болгон маселелердин бардыгын чечебиз. Зарыл болсо тандап алган мамлекетте ипотеканы тариздейбиз. Ошондой эле ЖТУ (жашап туруу уруксатын) алууга, бизнести каттоого, андан ары-жарандык алууда колдоо көрсөтөбүз. Европада туруктуу жашабаган адамдар башка мамлекетте өздөрүн кооптуу сезишет. Биздин милдетибиз, кардардын биринчи кадамынан баштап акыркысына чейин жайлуу болуп жана эч нерседен кам санабагандай, аларды бардык жактан колдоо.

– Сиз ижара менен алектенесизби?

– Оаба, биздин дагы бир багытыбыз – бул ижара жана аны менен байланышкандын бардыгы. Эс алуу жана башка максаттар үчүн батирлерди жана виллаларды, бизнес жүргүзүү үчүн коммерциялык орунжайларды, узак убакытка жашоо үчүн апартаменттерди кыска мөөнөткө алуу, булардын баары ArendaLazur TM (Cofrance SARL) компнаниясынын он жылга жакын ийгиликтүү жүргүзүп жаткан иши. Франция жана Монаконун кыймылсыз мүлк объектилеринин бардык базасы биздин колубузда. Европанын башка өлкөлөрүндө биз алдыңкы кыймылсыз мүлк агенттигинин эбегейсиз саны менен кызматташабыз, жана биздин компнания далдалчы компнаия болгондуктан, батирлерге жана үйлөргө эч кандай кошумча баа койгонго укугубуз жок, башкача айтканда аларды ээсинини баасы менен сунуштайбыз жана жеңилдетүүлөр тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз.

– 2018-жылы Европада кыймылсыз мүлк рыногунда эмне болду?

– Эгерде бардык рынокту бүтүндөй алсак, анда Европада кыймылсыз мүлккө болгон сурам өсүп жаткандыгын жана баалар дагы өсүп жатканын айтса болот. Бирок ар бир өлкөдө өзүнүн жагдайы бар. Кайсы бир жерде ал бир нече жыл өзгөрүлбөйт, ал эми дагы бир жерде жыл сайын кандайдыр бир секириктер болуп турат. Мисалы, ушул жылы Германияда турак жайга болгон кызыгуулар жетишээрлик кескин көтөрүлдү. Ал эми баалар Португалияда, Нидерландыда болжолдуу 6–8% га абдан жогорулады, жана бул көрүнүш мындан ары да күтүлүүдө.

Суроо-талап боюнча бүгүн Испания, Италия жана Германия алдыда. Бул ал жакта бир нече жыл мурда турак жай 20–30% га арзандагандыгына байланыштуу. Азыр алардын баасы орточо жылына 2–4% га, бирок жай жогорулап жатат. Ошондуктан бул жактан кыймылсыз мүлк алуу дагы деле пайдалуу.

– Ал эми Франциядагы иштер кандай?

– Францияда көрүнүш карама-каршы: бир нече жыл мурда турак жайга болгон баалардын олуттуу секириги болгон, андан кийин ал токтоп калган. Өткөн жылда баасы таптакыр көтөрүлгөн жок. 2018-жылы баалар болжолдуу 1.5–2% га гана бир аз көбөйдү, ошондуктан батирлерге болгон суроо-талап жогору бойдон калууда. Эксперттердин божомолу боюнча Франциядагы кыймылсыз мүлктүн баасы жай, бирок туруктуу, жылына 0.5–2% өсүүнү улантат. Ошондуктан каражатты турак жайга инвестицилоо пайдалуу, бул ишеничтүү салым болуп саналат.

– Кыймылсыз мүлк менен болгон кырдаал узак жылдардын аралыгында бирдей боюнча калган өлкөлөр барбы?

– Ооба, мындай өлкөлөргө Швейцария, Великобритания же, мисалы, биз активдүү иштеп жаткан Монако княздыгын киргизсе болот. Бул мамлекеттерде узак убакыт аралыгында кыймылсыз мүлктүн рыногу үчүн: эч кандай секириксиз, жылына 0.5–1.5% жай өсүүнүн табигый динамикасы сакталып келет. Эксперттердин божомолдору боюнча бул кырдаал өзгөрүлбөйт. Ал өлкөлөрдө кыймылсыз мүлккө болгон баалар өтө жогору экендигин эскертүүнүн кажети жок деп ойлойм, мисалы Монако жана Лондон көп жылдар бою ушул критерий боюнча дүйнөлүк үч лидерлердин катарына кирет.

Баса, Франциядагы элиталык кыймылсыз мүлк (укмуштай виллалар, сарайлар), батирлерге же коммерциялык орунжайларга караганда бир кыйла жайыраак кымбаттап жатат. Бул тенденция андан ары да сакталат деп ойлойм. Парижде, өзгөчө студияларга жана анча чоң эмес батирлерге, жана дагы барктуу турак жайга болгон баалар барынан тез өсүп жатат.

– Чет өлкөлүктөргө Европадан кыймылсыз мүлк сатып алып, андан кийин аны ижарага берген пайдалуубу? Ал жакта салыктар, өзгөчө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр өтө жогору эмеспи.

– Албетте, ушул себептен деле пайдалуу. Францияда жашагандыгы үчүн салык төлөнөт. Салыкты ушул учурда, батирде ким жашап жаткан болсо ошол төлөйт, ошого ылайык эгерде турак жай ижарага берилип жатса, анда чыгымдарды ижарачы төлөйт. Бардык коммуналдык төлөмдөрдү дагы адатта жашоочулар төлөшөт. Ижарага болгон баалар Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө жетишээрлик жогору. Ошондуктан, бардык милдеттүү түрдө чегеримдерге карабастан, турак жайдын ээси кандай учурда болсо да утушта болот.

Өлкөдө туруктуу жашабаган чет өлкөлүктөр үчүн жалдоого берүү өтө пайдалуу. Антпесе жылдын көп бөлүгүндө колдонбогондугу үчүн турак жайга төлөөгө туура келет.

– Анда бул учурда, эгерде батирди ижарага бербесе, анда Европадан чет өлкөлүктөрдүн турак жайларды сатып алуусу рентабелдүү болбой калабы?

– Баары кырдаалга жараша болот. Биздин тажрыйба боюнча, турак жай сатып алып, аны жалдоого бербеген жана бул учурда өзү анда жашабаган чет өлкөлүк болбойт дейт айта алам. Кимдир-бирөө ТЖЖ (туруктуу жашаган жери) үчүн башка өлкөгө көчүп келүү максатында батирди сатып алат. Кимдир-бирөө – жайында эс алып, ал эми калган убакытта ижарага бериш үчүн сатып алат. Бирок, адамдар апартаменттерди сатып алып, бир жумага өргүүгө келип, анан таштап койгон учурлар – биздин тажрыйбабызда болгон эмес. Анткени ээсинин жок болгондугуна байланыштуу кыймылсыз мүлктү карап турууга жана аны туруктуу киреше менен камсыздооо үчүн ArendaLazur TMге (Cofrance SARL) кайрылышат. Эгерде вилла же батир болгону жылына бир ай керек болсо, жана мында да биз жардам бергенге дайым даярбыз.

Европадан кыймылсыз мүлктү көбүнчө камсыздалган адамдар жана албетте “акыркы акчаларга эмес” сатып алышат. Алардын максаты – каражаттарды пайдалуу жана ишеничтүү инвестициялоо. Мындай адамдар акырында баасы өсө турган турак жайларды алууга умтулушат, кээде алар курулуп жаткан стадиясында эле сатып алышат. Андан ары, батирге болгон баа көтөрүлгөндө, алар ийгиликтүү сатышат. Ал эми алардын мындай максаты болбосо, анда алар капиталды ушундай жол менен өздөрүнүн балдарына мураска калтырат. Бул, айрыкча Россия тууралуу сөз болуп жатканда, банктагы эсепке караганда ишеничтүүрөк болот.

– Сиздин Россиядан келген кардарларыңыз көппү?

– Биздин штатта орусча сүйлөгөн кызматкерлер болгондуктан, жана өзүм көп жыл Санкт-Петербургда жашагандыктан, Россиядан жана мурдагы СССР өлкөлөрүнөн келген кардарларга көбүрөөк көңүл бурабыз. Орус тилинде биздин көп сайттарыбыз бар, Москвада, Петербургда, Алма-Аада, Киевде, Минскиде, айрым прибалтика шаарларында кеңселерибиз, РФнын ар кандай региондорунан түз телефон номерлерибиз, зарыл болгондо дайыма- юридикалык, психологиялык, консалтингдик колдоо көрсөтүүгө даяр болгон, ткркуктуу Россияда жашаган ишеничтүү өнөктөрүбүз бар.

Ошол эле убакта биз россиялык кардарларга гана багыт алуу максатын койбойбуз. Биздин бардык базалык сайттарыбыз эң аз дегенде үч: француз, орус жана англис тилде окулат, ал эми штатта испан, италия, кытай, немец жана башка тилдерде сүйлөгөн кызматкерлер бар. Ошондуктан эреже катары түшүнүүгө тоскоолдутар эч ким менен пайда болбойт, жана бизге түрдүү өлкөлөрдүн адамдары кайрылышат.

– Сиздин компания үчүн 2018-жыл кандай болду?

– Биз болжоп күткөндөй эле туруктуу болду. Турак жайга болгон суроо-талаптын чокусу Францияда өткөн жылы, кыймылсыз мүлккө болгон баалар убактылуу “тоңдурулган” убакта болду. Эми алар кыйла көтөрүлдү, бирок адамдар бары бир батирлерди , баалар андан да көбүрөөк өсүп кеткенге чейин сатып алууга умтулуп жатышат. Ошондуктан бул жылды ийгиликтүү деп эсептегенге болот, иш көп болду, биздин жаңы туруктуу кардарларыбыз жана досторубуз пайда болду. Ижара боюнча болсо, анда бул жылы Францияга эс алууга адаттагыга караганда азыраак туристер келди, балким мамлекеттеги экономикалык кырдаалдын себебинен чыгар. Аны биз алдын алып, көңүлүбүздү башка өлкөлөрдөн келген кардарларга бурууга аракет кылдык. Бирок Көгүлтүр жээкти француздардан башка россиялыктар баарынан жакшы көргөндүктөн, бул багытта 2018-жыл биз үчүн эң жакшы болду деп айта албайм.

– Кыймылсыз мүлк баарынан арзан турган европа өлкөлөрүндө, мисалы Болгария жана Грецияда Сиз иштейсизби?

– Мен буга чейин айткандай, биз бардык Европа боюнча иштейбиз, ошондуктан Болгария жана Греция, Испания, ал тургай кыймылсыз мүлк салыштырмалуу кымбат болбогон Финляндияда ишибиз бар. Бирок ArendaLazur TM (Cofrance SARL) компаниясы башынан эле, биринчиден, арзан сунуштарды издебеген, ал эми экинчиден “ачкычка чейин” бүтүмдү коштоо мамилелебизди баалаган VIP деп аталуучу кардарларга кызык болгон. Биздин адаттагы буйрутмачыбыз – бул юристтен үнөмдөп, батирди өзү ижарага берүү жана башка арзаныраак сунуш табуу үмүтүндө ондогон түрдүү уюмдарга кайрылууга убакыты жок адамдар. Биздин кардар – бул объектти кылдат тандаган, сатып алуу рентабедүү экендигине ынанган адам, ал эми андан кийин бардык ишти: бүтүм жасоону, камсыздандырууну, салык декларациясын толтурууну, ижарага берүүнү, компанияны башкаруучууну жалдоону жөн гана бизге өткөрүп берет. Же болбосо ал башынан эле Францияга ТЖЖга кетүү максатын коёт, бул жерден бизнес сатып алат жана буга да биз ар тараптан жардам беребиз.

– Бул тууралуу толугураак айтып бериңизчи. Сиздин компаниянын функциясы жөн гана коммерциялык орунжайды сатуу гана эмес экендигин мен туура түшүндүмбү?

– Албетте, жок жана ушул биздин артыкчылыгыбыз. Биз консалтингдик кызмат көрсөтөбүз, бизнести келечектеги кирешелүүгү жагынан баалайбыз, чындыгында эле ийгиликтүү вариантты тандоого жана алууга жардам беребиз, толук юридикалык коштоо менен камсыз кылабыз. Андан ары ЖТУ алууга, үй-бүлөсү менен көчүүнү уюштурууга жардам беребиз жана бардык тиешелүү маселелерди, бала кайсы мектепке бараарына, чоң энесин кайсы дарыгер дарылай тургандыгына жана итиңизди кайсы ветеринар тейлей тургандыгына чейин чечебиз. Кардар бардык каалаган маселени чечүүнү тапшыра алат, ал эми биз алар эч нерседен кам санабагандай жана Францияда өз үйүндө жүргөндөгүдөй бардыгын кылабыз.

– Демек, Сиз VIP-кардарларга багыт алат экенсиз да?

– Биздин кызмат көрсөтүүлөр колунда бар адамдардын арасында чоң суроо-талапка ээ. Эгерде алардын эс алуусу жөнүндө айтсак, анда биз батирди ижарага алууга гана жардам бербестен, көптөгөн коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайбыз: яхтада саякат жасоо, тик учмада экскурсия, кандайдыр-бир салтанат же майрам кирген жеке программада өргүүнү уюштурабыз. Бизде эч кандай чектөөлөр, тур-пакеттер жана калыптык иш-чаралар болбойт. Баары кардардын каалоосу менен болот. Эгерде ал аэропорттон аны лимузин менен тосуп алууну, ал эми виллада күнү-түнү оркестр ойноп туруусун кааласа, анда биз аны оңой эле жасайбыз.

Бирок бул биздин ишибиздин бир гана багыты. Биздин сунуштар базабызда “орто класс” үчүн объектилердин саны арбын: кымбат эмес батирлер, апартаменттер, ижара үчүн, ошондой сатык үчүн да таунхаустар бар. Ошондуктан, эгерде бизге адам телефон чалса жана “Мен эң аз баа менен студияны пайдаланууга алгым келет, башка эч нерсенин кереги жок” деп айтса, – анда биз ага Франция боюнча же аталган региондон эң арзан сунуштарды кылабыз, ижара келишимин, эгерде керек болсо, аны түзүүгө жардам беребиз жана башка эч нерсе! Андан ары ал өзү келет, эс алат, иштейт, пландаганы менен алектенет. Кааласа бизден кеңеш сурап дайыма кайрылса болот. Эгерде толук кандуу эмес юридикалык консультация жөнүндө сөз болсо, анда биз аны акысыз берүүгө кубанычтабыз. Ошентип биздин компанияга бекиген “элитардуулук” репутациясы туура эмес. Биз баары менен иштейбиз, жана ар бири үчүн алардын издегендин өзүн таап беребиз.

– Сиздин компанияда кыймылсыз мүлк агенттиктери көрсөтпөгөн кандайдыр бир озгөчө кызмат көрсөтүү барбы?

– Мен мындайча жооп бермекмин: каалоо боюнча биз кардарга, адатта кыймылсыз мүлк агенттиктери көрсөтпөгөн каалаган кызматты, албетте мыйзам жана адеп чегинде көрсөтүүгө даярбыз. ArendaLazur TM (Cofrance SARL) үчүн “жекече мамиле” – бул азыркы убакта каалаган жарнамалык кулактандырууга коюу модасы болгон бош сөз эмес. Биз, чындыгында эле, биздин буйрутмачыларга тандоонун толук эркиндигин беребиз жана ал койгон бардык милдеттерди чечебиз. Ресторандан тамактануу, аттын үстүндө сейилдөөнү, концертке билет – булардын бардыгын эмне үчүн кыймылсыз мүлктү кароо менен бириктиргенге болбосун?

Эгерде “ишке жакын” деп аталган кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө айтсак, анда биз, мисалы, каалаган убакта кардарга объектилерди тик учмада көрүүнү сунуш кылабыз. Кардар бири-биринен алыс аралыкта жайгашкан он объектини көрүүнү кааласа жана буга анын эки гана күнү болсун дейли. Биз тик учманы ижарага алабыз жана бул маселени оңой эле чечип коёбуз. Же болбосо, тескерисинче, бир шаардан бир нече батирлерди тандаса, бирок инфраструктураны ар тараптан баалоону кааласа. Бийиктен имараттын чыныгы жайгашуусу, анын деңизге жакындыгы же алыстыгы эң жакшы көрүнөт. Ал менен уча турган биздин консультант баарын көрсөтүп жана айтып берет.

Биринчи көргөндө бул кызмат көрсөтүү “ойдон чыгарылгандай” көрүнөт. Бирок тик учмада ушундай кароону жасаган кардарлардын бирөөсү да калбай, абдан ыраазы болушкан! Алар башка шаарда көчөлөрдүн, имараттардын баш аламандыктарында, жакын жаткан объектилерде дагы түшүнүүгө кыйын деп айтышат. Тик учманын бортунан алаканга салгандай баары көрүнүп турат, жана чоң шаарлар үчүн бул өтө актуалдуу. Аларды сүрөткө тартып алып анан шашпай талдап чыкса болот. Эгерде бир нерсе унуткарылса, анда ArendaLazur TM (Cofrance SARL) жеке менеджери кайсы жерде жана эмне экенин түшүнүүгө жардам берет. Стандарттык эмес кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө сураганыңызда, сиз ушуга окшогонду угууну каалагансыз деп ойлойм.

– Туптуура! Айтыңызчы, ал эми келе жаткан жылы Сиздин кандайдыр-бир пландарыңыз барбы?

– Бизде пландарды бир жыл мурда түзүү салты жок. Эгерде кызыктуу жана пайдалуу идея пайда болсо, анда биз токтоосуз иштей баштайбыз. Узакка калтырылган долбоорлор эреже катары, же таптакыр ишке ашпайт, же ийгилик алып келбей тургандыгын тажрыйба көрсөтүп жатат. Жөн эле азыркы учурда биз үстүнөн иштеп жаткан нерселер бар. Заманбап технологиялар кылымында, адамдарга маанилүү маалыматты тез алууга жардам берген, компнаниянын ыңгайлуу сайттары болушу өтө маанилүү. Сиз бир эле Францияда кыймылсыз мүлк рыногунда канчалаган объектилер бар экендигин элестетсеңиз. Жүздөгөн миңдеген! Жана андагы кырдаал дайыма өзгөрүлүп турат: бирөө сатылат, башкасы пайда болот. Кээде жарнамалык максатта жалган сунуштар болот, жана ушундай үй чындыгында эле бар экендигин текшерүү керек. Биз ишеничтүү өнөктөр менен гана иштейбиз жана биздин базаны дайыма жаңылап турабыз. Бир кулактандырууда эң көп маалыматты берүүгө аракет кылабыз, кошумча сүрөттөрдү, видеону, ал эми жөн эле “бул сонун батир” эместиги боюнча сүрөттөөлөрдү сурайбыз.

Эгерде адам турак жай саткысы келсе, Европада эч нерсе “көмүскөдө” жасалбай турганыдыгы жакшы, анда ал юристин, нотариустун катышуусу менен легалдуу жасалат, бирок бул учурда жалган жарнамалык кулактандыруулар бары бир боло берет. Аны бардык баш аламандыкта түшүнүү оңой эмес, жана ушулар менен биздин адистер иштешет. Биздин сайттарда актуалдуу гана жарнамалардын болуусуна жана адамдар өздөрүнүн убакытын бекер коротпошуна аракет кылабыз. Жана бул күнүмдүк эмгекти талап кылган милдет. Ошондой эле тигил же бул өлкөдө батир сатып алуунун өзгөчөлүктөрү жана ага кам көрүү канча тураары жөнүндөгү маанилүү маалыматты берүү маанилүү. Булардын бардыгын биздин порталдардан окуп алууга болот, жана “алыстагы” сатып алуучулар үчүн өтө ыңгайлуу.

– Башкача айтканда, Сиз сайттар сатып алуу үчүн чечүүчү ролду ойнойт деп эсептейсизби?

– Чечүүчү болбосо да, олутуу. Бардык каалаган сатып алуучу үчүн сайт – бул батир менен биринчи жолу таанышуу, биринчи таасир гана. Андан ары ал биз менен байланышат жана миңдеген суроолорду берет. Албетте, баарына дароо жооп бергенге мүмкүн эмес. Бирок бул “келиңиз жана караңыз” деп айта турганга туура келбейт, анткени чет өлкөлүк батир ага эң жакшы ылайык келгендигине ынанганда гана саякат жасоого чечим кылат. Биздин милдетибиз, анын көңүлү калбагандай кылуу. Биз дайыма бир нече көрөңгө варианттарды тандап алабыз жана кошумча атаандаш сунуштарды “башта кармоого” аракет кылабыз. Биз келүүнү уюштуруудан мурда, ал эми “эптеп сатты”принциби боюнча иштебестен агенттиктерди жана ээлерди бардык суроолорго жооп бериш үчүн, эң көп маалымат бериш үчүн аларды “чайкайбыз”.

Кыймылсыз мүлк объектилерин тандоо өтө чоң, бардыгына жеткиликтүү болуу, керектүү чыпкаларды колдонуу, бардык ашыкча нерселерди көз ирмемде ыргытып салуу өтө маанилүү. ArendaLazur TM (Cofrance SARL) программистери жана башка кызматкерлери издөө системасын жакшыртууга аракет кылышат. Биздин заманда бул мүмкүн болуп саналат, бирок ал оңой эмес. Бул бизде болгон жана анын үстүндө иштей турган нерсе. Кардарлар биринчи иретте аларга ыңгайлуу болгон: өздөрү да, биздин адистер да, ылайыктуу вариантты тез таба турган жерге келишет. Ушуга окшогон порталдарга ээ болуу – чоң артыкчылык, анткени баалар жана сунуштар бардык жерде бир эле, ал эми жакшы тез сайт – өтө сейрек кезигет.

– Өзүнүн иштөөсүндө Сиздин компания кайсы ири бүтүмдү аткарган?

– 90 миллион евро турган, жаңы курулуштагы Монакодогу көп денгээлдүү батир. Ал азыр 115 миллион турат.

– Ушул жылда өзгөчө сиздин эсиңизде калган кандайдыр-бир учур же күлкүлүү окуя болдубу?

– Өзбекстандан бир айым бир жума бою Монакодогу батирлер жөнүндө суроо менен бизди түйшөлткөн. Андан кийин ага Макаодогу, башкача айтканда Кытайдагы батир керек экендиги аныкталган. Апартаменттерди бир гана критерий: “өтө пародалуу” эки мышыгына ылайык келгендиги боюнча тандаган дагы бир кызыктуу кардар болгон. Бул учурда анын үч баласы болгон… Жыйынтыгында ал биз менен иштебей койду, ал эми биз да болсо бошогондой кенен дем алдык. Бирок мындай учурлар – сейрек кездешет, негизинен бизге кызыктуу адамдар кайрылышат жана андан кийин биздин досторубуз болуп калат.

Маекти көз карандысыз журналист Николай Данилов алып барды.

Compare

Enter your keyword