Валлористин мейманканалары картадан
Отели в Валлорисе на карте

Валлорис Гольф-Жуан (фр. Vallauris Golfe–Juan) Франциядагы Көгүлтүр Жээктин эң жаш курорту деп эсептелет, туристтик жана коммерциялык багытта көп нерсени үмүттөндүргөн шаар экени талашсыз.
Мына ошондуктан, Валлорис өзүнүн биринчи латын тилиндеги аталышына толук татыктуу — Vallis Aurea которгондо ” Алтын өрөөн ” деген маани келип чыгат. Анын “байлыктары” түгөнгүс — алар таза жээктер, туристтердин буту баспаган жаратылыш жана Антиб, Канна жана Ле-Каннелердин ортосундагы дөңсөлөрдө жайгашкан шаардын ар бир жагынан көрүүгө мүмкүн болгон көгүлтүр деңиз.
Андан сырткары, Валлорис Гольф-Жуан азыркы убака чейин, Франциядагы карапа өндүрүү борборунун негизгилеринин бири катары белгилүү. Бул жерде, өнөрпоздор XIX кылымдан баштап жашап келишкен. Алар Валлористи улуттук көркөм керамика “устаканасы” катары атагын чыгарышкан.
Жада калса, улуу сүрөтчү Пабло Пикассо дагы, бул шаарда эч нерсе кылбастан, жөн эле тура берүүгө чыдай алган эмес — ал бул жерде, карапа жасоо менен алектенген. Кан сарайдын жанындагы кичинекей чиркөөдөрдүн тамдарын “Согуш жана Тынчтык” темасында фреска жана боек менен тартылган сүрөттөр менен кооздоп чыккан жана ” Адам менен Кой” аттуу скульптураны жасаган, ал скульптура азыркы кезде, борбордук аянтка жайгаштырылган.
Аннанын чиркөөсү роман стилиндеги жана XII кылымдагы Чыгыш Прованстын жөнөкөй көрүнүштөгү архитектуралык эстелиги болуп саналат. Чиркөө Франция революциясынан кийин, Франциянын улуттук байлыгы статусуна ээ болгон. Азыркы учурда, Пабло Пикассонун музейинде сакталып турат.
Падышанын жаңжалы
Жакында эле, Валлорис Гольф-Жуан шаары жөнүндө баары угушкан, анын себеби жергиликтүү элдин жана Саудия
Аравиясынын монархынын тирешүүсү.
Талаш-тартыш “Mirandole” деңиз жээгинин айынан келип чыкты, ал башкаруучунун резиденциясынын так түбүндө жайгашкан. Жакында эле, ал жакта бетондоо боюнча иштер башталгандыктан, эс алуучулардын деңизге кирүүчү жолу бүтөлүп калган.
Бул факт Фрациянын мыйзамына түздөн-түз каршы келет. Мыйзамда, бардык адамдар үчүн жээктер ачык болуусун талап кылат.
Аякы бөлүктөн дагы жашоочулардын жана монархтын кызыкчылыктарынын карама-каршы келээрин байкоого болот.
Валлорис Гольф-Жуандын жашоочуларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн, айлана-чөйрөнүнүн укуктарын коргоо боюнча мекеме (ADEGV) каршы турду. Шаардын мэри дагы, курулуш анын макулдугу жок башталганына нааразычылыгын билдирди.
Сауд Аравиясынын королу Көгүлтүр Жээкте, жакынкы жай мезгилинде эс алууну чечкендиги жана ага вилладан жээке чейин баруусуна лифт талап кылынгандыгы билинди.
Баардык талаш-тартыштарга карабастан, бир нече убакытка чейин, улуу урматтуу монархтын иш сапарынын учурунда коопсуздук себептерден улам, Mirandole жээгине жол жабык болот.
Саудия королунун кошунасы болуу
Валлорис Гольф-Жуанды, Көгүлтүр Жээктеги Жуан ле Пен кошуна шаары менен салыштырышат. Бирок, кээ бир окшоштуктарга карабастан, көптөгөн айырмачылыктары бар.
Валлорис Гольф-Жуан — тынч шаар, ал жерде, Жуан Ле Пендегидей көптөгөн атактуулар катышкан активдүү, түнкү жашоо жок.
Валлорис — шашпастан, кадыр-барктуу эс алуучу жай, экстримди сүйүүчүлөр үчүн бул жерде, дайвинг ж.б. көптөгөн суу спорттунун түрлөрү бар.

Camille Rayon шаарынын порту — көптөгөн яхталарды батыра алат. Мына ошонун себебинен, бул жерге, өзүңүздүн кемеңиз менен токтоого болот.
Франциядагы Көгүлтүр Жээктин Валлорис Гольф-Жуан шаарынан үй сатып алуу дагы эч кандай кыйынчылыка турбайт. Келечекте пайдалуу жана перспективдүү капитал болот. Бул жерде, башка кошуна курортторго салыштырмалуу, көптөгөн арзан жана кооз виллалар бар.
Валлорис Гольф-Жуанда, Саудия Аравиясынын королунун кошунасы болуп калуу оңой эле, анын вилласы жээктин так түбүндө жайгашкан. Бирок, Франциянын Ривьерасында жашоо — бул өзү эле монархтартарга татыктуу аземдүүлүк!