Чет элдиктерге кантип Францияда кыймылсыз мүлк сатып алууга болот

Сиз жумуш боюнча, же жеке ишиңизди баштоо үчүн же жөн гана француздардын жашоо образы менен ырахаттануу үчүн Францияга көчүүнү чечтиңизби? Кандай болгон күндө да, ал жерде жашоо максатында же ивестиция үчүн, сизге Францияда кыймылсыз алууга туура келиши өтө ыктымалдуу.

Парижди, Марселди, Лионду же каалаган башка шаарды тандабаңыз, дээрлик бардык жерде кыймылсыз мүлк объектилеринин кенен спектрин табасыз: чоң особняктар жана кеңири жер участокторунан баштап, кичинекей студия жана чакан апартаменттерге чейин.

Бир жагынан, француздар өз өлкөсүнө инвестициялоону өтө каалашпайт деп сезилиши мүмкүн – статистика боюнча, француздардын 57% гана менчик турак жайларда жашашат – ал эми алардын турак жай сатып алууну каалабоосу эмигранттар жана чет элдик инвесторлор үчүн чоң тандоо калтырды. Кээ бир укуктук татаалдыктар жана олуттуу салык жүгүнө карабастан, көп резидент эместер Европада кыймылсыз мүлк сатып алуу уникалдуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышты.

Эгерде сиз жылуу европа өлкөсүндө турак жай сатып алууну чечкен болсоңуз, алдын ала эмне билүү керек? Бул макала сизди сатып алуу жана сатуу процесси менен тааныштырат жана Францияда кыймылсыз мүлк сатып алуунун негизги учурлары жөнүндө айтып берет.

Как иностранцу купить недвижимость во Франции

Франциянын кыймылсыз мүлк рыногу эмнеге окшош?

Азыркы учурда Франциянын кыймылсыз мүлк рыногу, акыркы эки жылдагыдай эле, туруктуу өсүү баскычында турат. Кыймылсыз мүлктүн түрүнө жана объектинин жайгашкан ордуна жараша, ортого баалар 8%га өстү.

2009-жылдагы олуттуу төмөндөө жана 2013-жылдагы кайрадан жогорку темп менен өсүүгө карабастан, Франциянын кыймылсыз мүлк рыногу стабилдүү жана күчтүү болуп эсептелет, анткени өлкөнүн экономикасы туруктуу бекемделүүдө, туризм саякатчылардын көптүгү менен кубандырууда, ал эми бош кыймылсыз мүлк объектилери инвесторлорго чоң тандоо калтырууда.

Ал эми француздар турак жайды жеке менчикке сатып алганга караганда, аны ижаралоону артык көрүшөт. Эреже катары, бул тенденция кыймылсыз мүлккө баалардын жогорулугу менен байланыштуу деп эсептелинет, мисалы, Парижде бир квадрат метрдин наркы 8000 миң еврого жетүү менен, акыркы бир нече жылдардагы максимумга жетти. Жаш үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн ири шаарларда кыймылсыз мүлк сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок, жана, адаттагы көрүнүш болуп калгандай, чет жакада жайгашкан арзаныраак турак жайдан көрө, шаарда жашоону артык көрүшөт. Жалпысынан алганда, Францияда кыймылсыз мүлктү сатып алуу же ижаралоо керекпи деген суроону карай турган болсок, ар бир варианттын өзүнүн артыкчылыктары бар жана чечимди каржылык абалга жана кийинки жашоого карата узак мөөнөттүү пландарга жараша кабыл алуу зарыл.

Чет элдиктерге Францияда кыймылсыз мүлк сатып алуу мүмкүнбү?

Ооба. Учурда резидент эместердин кыймылсыз мүлк сатып алуусуна эч кандай укуктук чектөөлөр жок, бирок чет элдиктер бул процессти алда канча татаал деп табышат.

Эгер риэлтор менен иштесеңиз, бул процесс салыштырмалуу оңой болушу мүмкүн. Ал эми кыймылсыз мүлктү түздөн-түз анын ээсинен сатып алып жаткан болсоңуз, анда чет элдиктер үчүн баа көп учурларда көбүрөөк экенин байкашыңыз мүмкүн, кээде баалар французга сунушталган баага салыштырмалуу эки эсе кымбат болушу мүмкүн. Мындай учурда, сиздин атыңыздан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бүтүмдүн кыйла пайдалуураак шарттарын ала турган, жергиликтүү досуңузду жардамга чакыруу оң.

Францияда ар түрдүү кыймылсыз мүлк объектилеринин орточо наркы кандай?

Францияда кыймылсыз мүлктүн наркы, объектинин түрүнө жана жайгашкан ордуна жараша, ар кандай. Төмөндөгү таблица кайсы региондордо кандай баалар бар экендиги жөнүндө түшүнүк берет, бирок, албетте, бардык жерлерде сизди вариациялардын чоң диапазону күтөт, ошондуктан, керектүү жерде жеке изилдөө жүргүзүүгө туура келишине даяр болуңуз.

Жайгашкан жериКыймылсыз мүлктүн түрүБолжолдуу наркы
Париж, Иль-де-ФрансЭки уктоо бөлмөсү жана эки ванна бөлмөсү бар батир€750 000
Финистер, БретаньҮч уктоо бөлмөсү жана төрт ванна бөлмөсү бар үй€115 000
Финистер, БретаньАянты 998 кв. м болгон жер участогу€12 500
Олонзак, Лангедок-РуссильонҮч уктоо бөлмөсү жана төрт ванна бөлмөсү бар үй€250 000
Лион, РонаҮч уктоо бөлмөсү жана төрт ванна бөлмөсү бар үй€420 000
Лион, РонаЭки уктоо бөлмөсү жана эки ванна бөлмөсү бар батир€300 000
Амбуаз, Луара ӨрөөнүТөрт уктоо бөлмөсү жана төрт ванна бөлмөсү бар үй€550 000
МарсельТөрт уктоо бөлмөсү жана төрт ванна бөлмөсү бар үй€1 250 000
МарсельЭки уктоо бөлмөсү жана эки ванна бөлмөсү бар батир€295 000

Францияда кыймылсыз мүлктү кантип табууга болот?

Керектүү кыймылсыз мүлк объектин табуунун бир катар жолдору бар, алардын эң көп жайылтылганы булар:

1) Кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча агенттиктер жана риэтлорлор

Бул Францияда кыймылсыз мүлк издөөнүн эң көп жайылтылган жолу, айрыкча алыскы региондордо. Ошондой эле, бул вариант менен эне тили француз тили эмес болгондор пайдаланышат.

Агенттердин кызматтарынын наркы өтө эле жогору көрүнүшү мүмкүн болгону менен, жеке үйлөр жеке менчиктин эң көп таралган формасы болуп саналган провинцияларда, риэлтор менен иштөө – рыноктогу бардык объектилерди көрүп чыкканыңызга ынануунун жалгыз жолу. Дагы бир өтө маанилүү нерсе, кээ бир үй ээлери экспаттар үчүн бааларды калптан эле көтөрө беришет, жана риэлтор адекваттуу наркты аныктоодо баа жеткис кызмат көрсөтүшү мүмкүн. Бирок көп учурларда агенттер өз кызматтары үчүн объектинин жалпы наркынын 8% талап кылышат, ошондуктан, өтө чектелген бюджеттин алкагында кыймылсыз мүлк издеп жаткан болсоңуз, өз алдынча издөө сиз үчүн оптималдуу вариант болушу мүмкүн.

Эгер сиз агенттер менен иштөөнү чечсеңиз, анда Кофранстын адистерине кайрылыңыз, алар объектини табууга жардам беришет, аны көрүп чыгууну уюшурушат жана сатуу жана сатып алуу процессинин юридикалык майда-чүйдөлөрүн түшүнүүгө жардам беришет.

2) Францияда кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча сайттар

Эгерде кыймылсыз мүлктү риэлторлордун жардамысыз сатып алууну көздөсөңүз, биринчи болуп атайылаштырылган веб-сайтка кайрылышыңыз ыктымал.  Албетте, жарыялардын эң кеңири спектри француз тилиндеги жергиликтүү сайттарда көрсөтүлгөн, бирок, эгерде сиз француз тилинде жетишээрлик деңгээлде сүйлөбөсөңүз, сиз кыйынчылыксыз түшүнө ала турган тилде ресурс издеңиз, бул сиздин эне тилиңиз (орус тили, украин тили ж.б.) же, мисалы, спецификалык терминдерди котормосуз түшүнсөңүз, англис тили болушу мүмкүн. Орус тилинде сүйлөгөн инвесторлор үчүн arendal.ru сайты старт алуу үчүн мыкты жер болушу мүмкүн.

Как иностранцу купить недвижимость во Франции

Францияда керектүү кыймылсыз мүлктү кантип тандоо керек?

Кыймылсыз мүлктүн түрлөрү

Франциянын ар кайсы региондорунда табышыңыз мүмкүн болгон кымылсыз мүлктүн түрлөрү бири-биринен жайгашкан жерине жараша айырмаланат. Парижде батирден башка эч нерсе таппашыңыз ыктымал болсо, айыл жергесинде сизди жер участоктору, кенен поместьелер, виллалар, үйлөр жана таунхаустар күтөт. Кыймылсыз мүлктүн кайсы түрүнө инвестициялоо, объектини кайсы жерде сатып алууну каалашыңызга, жана үй-бүлөңүзгө кандай турак жай туура келишине көз каранды болот.

Кыймылсыз мүлктүн абалы

Францияда потенциалдуу сатып алуучуга кыймылсыз мүлктүн абалы жөнүндө диагностикалык отчётту көрсөтүү сатуучунун жоопкерчилигине кирет. Отчётто баары камтылган: коргошундун, асбесттин жана паразиттердин бар болушунан баштап, септикалык системанын абалы, энергиянын натыйжалуулугу жөнүндө отчёт жана табигый кырсыктардын болуу тобокелдигине чейин.

Францияда кыймылсыз мүлк сатып алууга макулдугуңузду берерден мурда, аталган отчётту алганыңызга жана аны риэлторуңуз менен баскычтар боюнча талкуулап чыкканыңызга ынаныңыз.

Алдамчылыкка каршы кантип алдын ала сактанууга болот

Кайсы жерде кыймылсыз мүлк алып жатканыңызга көз карандысыз, алдамчыларга кезигип калуу ыктымалы бар. Агентти, кыймылсыз мүлк объектин, региондун рыногун жана сиздин сатып алуучу катары кандай укуктарыңыз бар экендигин жакшылап изилдеп чыгуу алдамчылыктын алдын алуунун эң мыкты жолу болуп саналат. Алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрү:

– Эски диагностикалык отчёттор. Француз сатуучулары сизге объект жөнүндө отчётту көрсөтүүгө милдеттүү. Эгер сатуучунун атынан агент иш алып барып жатса, анда тийиштүү документтерди потенциалдуу сатып алуучуга ошол көрсөтөт. Бул, риэлтор объектини мүмкүн болушунча жогору баада сатууга аракеттенет дегенди түшүндүрөт, анткени анын гонорары бүтүмдүн суммасына түздөн-түз көз каранды, демек, ал ага кызыкдар. Дал ушул себептен агенттер чыгымдарды азайтууга аракет кылышат жана кээде эски отчётторду (аракеттенүү мөөнөтү бир жылдан беш жылга чейин мурда аяктаган) аракеттеги документтер катары көрсөтүшөт.

– Жалган үй ээлери. Алдамчылыктын бул түрү ижара рыногунда көбүрөөк учураганы менен, сатуулар чөйрөсүндө да кээде кездешет. Мындай учурда алдамчылар бирөөлөрдүн жарыяларын сыпаттамалары жана сүрөттөрү менен кошо көчүрүп, эч кандай укугу жок болгон үйлөрдү сатыкка коюшат. Сиздин Францияда кыймылсыз мүлк сатып алууну каалашыңызды жана дал ушул объектиге кызыгып жатканыңызды түшүнөөрү менен дароо эле, сизге ачкычты берип, депозит алуу үчүн нейтралдык аймакта жолугушууну сунуш кылышат, ал эми эмне үчүн азыр объектиде жолугуп, аны көрүү мүмкүн эместигин түшүндүрүгөн, чындыкка окшош окуя ойлоп табышат. Сиз депозитке берүү үчүн акча эсептеп жаткан учурда, сиз тандаган үйдүн бир да кулпуна туура келбеген жасалма ачкычты беришет. Мыйзамдык укугу боюнча башка адамга таандык болгон жана ал адам ээлеп турган үйгө кирүүгө аракет кылганга чейин, эмне болгонун түшүнбөшүңүз мүмкүн.

Франциядагы кыймылсыз мүлккө инвестициялоо боюнча семинарлар. Эгерди сиз, көпчүлүк потенциалдуу турак жай сатып алуучулардай эле, объектиңизди инвестициялык максатта колдонууну кааласаңыз, анда сизге рынок жөнүндө, бул максаттар үчүн кандай объектилер оптмалдуу туура келиши жөнүндө, кантип издеп баштоо керек жана бүт процессти кантип уюштуруу керек жөнүндө билүү кызыктуу болушу ыктымал. Семинарлар жана курстар мыкты идея болуп көрүнүшү мүмкүн, албетте, эгер чыныгы профессионалдар өткөргөн мыйзамдуу иш чараларды тандасаңыз. Кээ бир алдамчылар, сиз семинарга бара жатып, чыныгы керектүү маалымат алам деп ойлошуңуз үчүн, атайын жогору бааларды коюшат. Эң мыкты учурда сиз маалыматтык курс үчүн ашыкча акча төлөйсүз, эң жаман учурда – өтө көп акча төлөп, эң аз маалымат аласыз.

Албетте, мындай акча жүгүртүмдөрү менен чөйрө көптөгөн алдамчыларды жана бирөөнүн эсебинен пайда табууну эңсегендерди өзүнө тартат. Жөнөкөй коопсуздук эрежелерин аткаруу менен, сиз алдамчылык схемалардын көбүнүн алдын алышыңыз мүмкүн: сиз тандаган Франциядагы кыймылсыз мүлк объектине барыңыз, сатуучу же риэлтор менен жеке жолугушуңуз, юридикалык жактан маанилүү документтерди үчүнчү тарап адиске текшерүүгө бериңиз.

Чет элдиктердин Францияда кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча кадамдары кандай?

Эгерде сиз Франциянын кыймылсыз мүлк рыногуна кирүүгө даяр болсоңуз, төмөндөгү кадамдар сизге эмнеден баштоо керектигин түшүнүүгө жардам берет:

  1. Кайсы региондо жашагыңыз келгенин аныктаңыз.
  2. Ошол региондун кыймылсыз мүлк объектилеринин негизинде оптималдуу бюджетти аныктаңыз.
  3. Риэлторду жалдаңыз, ал сизге кыймылсыз мүлктү издөөгө, көрүүгө жана тандоого жардам берет.
  4. Сизге туура келген эки-үч объектини тандаңыз.
  5. Диагностикалык отчётту кылдаттык менен карап чыгыңыз.
  6. Оозеки сунуш кылыңыз.
  7. Compromis de vente – бүтүмдүн эки тарабын тең бекиткен, алдын ала макулдашууну түзүңүз.
  8. Укуктарыңыздын сакталышы, анын ичинде маалыматтарды жер кадастрына киргизүү, менчик укугун каттоо, жолго карата чектерди жана укуктарды аныктоо ж.б. үчүн, notaire (юрист) жалдаңыз.
  9. Acte de vente  сатып алуу-сатуу келишимин түзүңүз.
  10. Франциядагы жаңы кыймылсыз мүлкүңүз менен ырахаттаныңыз!
Как иностранцу купить недвижимость во Франции

Кантип банктан зайым же ипотека алууга болот? Чет элдик банк эсебинен депозит салуу мүмкүнбү?

Жакшы жаңылык, Францияда кыймылсыз мүлк алууну каалаган экспаттар үчүн эч кандай чектөөлөр, анын ичинде ипотека алууга чектөөлөр коюлбайт. Ипотеканы алууга тиешелүү айрым эрежелер жана салыктар чет элдиктер жана жергиликтүү тургундар үчүн бир аз айырмаланышы мүмкүн болгону менен, жалпысынан, бул процесс бардык өтүнмө берүүчүлөр үчүн бирдей.

Чет элдиктер Францияда кыймылсыз мүлктү көп алышат жана көпчүлүк улуттук жана эл аралык банктар резидент эместерге насыяларды даярдуулук менен жана көбүрөөк бере башташты. Ипотека алуу үчүн жалгыз реалдуу чектөө сиздин кирешеңиз болушу мүмкүн: ар ай сайын төлөнүүчү жалпы карыз бир айлык кирешенин үчтөн биринен көп болбошу керек. Ошентип, банктар сиздин жаңы үйүңүздүн 70-80%ын каржылоого даяр болгону менен, сиздин расмий айлык акыңыз айрым татаалдыктарды жаратышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө банктардын көпчүлүгүндө көп тилдүү кызматкерлер мээнеттенген эл аралык бөлүмдөр иштейт, бирок профессионалдуу котормочуну жалдоо жакшы идея болуп саналат, анткени ипотека – тил тоскоолдуктарын жоюуга аракет жасап көрүү үчүн курман кыла турган процесс эмес.

Эгер сизде депозит салуу үчүн жетиштүү акча каражаттары бар болсо, анда төлөмдү чет элдик банк эсебиңизден сатуучунун эсебине түздөн түз которсоңуз болот. Эл аралык трансферттик алымдарды азайтуу үчүн, иш жүзүндөгү акча алмаштыруу курсун алдын ала тактап алган оң.

Кайсы салыктарды жана жыйымдарды төлөө керек?

Жалпы бюджетиңизди эсептеп жатканда, кыймылсыз мүлктү сатып алуу процессинде кошулуучу бардык чыгымдарды эске алуу ашыкча болбойт, алардын ичинде:

– Агенттик жыйымдар / риэлтордун комиссиясы: 10%га чейин

– Нотариалдык / юридикалык жыйымдар: сатып алуунун жалпы баасынын негизинде өкмөт тарабынан белгиленет, мисал үчүн:

Сатып алуунун наркыНотариалдык коюм
€6500 чейин4,784%
€6501-17 0001,9734%
€17 001-30 0001,3156%
€30 001 жогору0,9867%

– Мамлекеттик каттоо үчүн төлөм: 0,60% – 4,89%.

– Салыктар: сатып алууда 20%.

– Жер реестри үчүн төлөм: ~ 0,10%.

– Валюта алмаштыруу курсу: өзгөрмө, бирок орточо рыноктук коюм боюнча аныкталууга тийиш.

Кыймылсыз мүлктү сатып алуунун бардык эң маанилүү пункттарын карап чыкканыңыздан кийин – объектинин жайгашкан ордунан анын түрүнө чейин жана тийиштүү чыгымдарды – сиз издөөгө даярсыз. Францияда кыймылсыз мүлк сатып алууда ийгилик каалайбыз!

Шошина Ольга

Compare

Enter your keyword