Вильфранш-сюр-Мерден вилла сатып алуу

Вильфранш-сюр-Мер (фр.VillefranchesurMer) —  биринчи көргөндө кичинекей  болуп  көрүнөт. Ал Франциянын Көгүлтүр Жээгиндеги чакан шаарча, Ницца менен Монаконун ортосунда жайгашкан. Анын калкынын саны болгону сегиз миң адам. Ал Франциянын Ривьерасынын жандуу, шаңдуу жана кадыр-барктуу курорту жана ал кинематографтордун көңүлүн көп бурат.

Бул шаарча Көгүлтүр Жээктеги  “эң фотогениялдуу” шаар деп аталууга чындап татыктуу.  Вильфранш кээ бир белгилүү фильмдердин эпизодторунда да бар:  Альфред Хичкоктун “Урууну кармоо” (орус. «Поймать вора») Кэри Грант жана Грейс Келли менен, “Эч качан, эч качан деп айтпа” (орус. «Никогда не говори никогда») Шон Коннери менен ж.б. Бул жерге белгилүү продюсерлер беш мүнөттүк роликтерди тартууга келишет,  ал роликтерди дүйнө жүзүнүн бардык жарнамаларынан жана сыналгыларынан көрүүгө болот.

Вильфранш чындап эле абдан кооз жана кенен көрүнүштөргө ээ —  илгерки “Мон Албан” сепилинен Көгүлтүр Жээкти башынан-аягына чейин көрүүгө болот. “Сен Мишель” бөксө тоосунан дүрбү жок эле Ницца жана анын кеме токтоочу жайы көрүнүп турат. Жайкысын аба-ырайы жакшы болгон учурларда, горизонттон Корсика тоолорун көрүүгө болот.

Вильфранш-сюр-Мер кооз жана таң калычтуу жаратылышы, таза жээктери менен  Франциядагы Көгүлтүр Жээктин башка курортторуна, ийгиликтүү атаандаштык жаратып келет. Жергиликтүү конок үйлөрдүн жана мейманканалардын баалары, көп учурларда Ниццага караганда жогорураак.

Жакынкы курорттордун өтө алыс эместигине карабастан, жөнөкөй турист баары бир жол жүрүүгө кошумча убакыт коротуп отурбайт жана жакынкы ресторандардын биринен сөзсүз тамактанат.

Вильфранш-сюр-Мер

Эркин шаар

Вильфранш-сюр-Мер өзүнүн “эркин шаар ” сыймыктуу наамына татыктуу. Өзүнүн көп жылдык тарыхында, өтө чоң эмес кыштак, бир мамлекеттен экинчи мамлекеттин карамагына өтүп турган —  ал үчүн Италия жана Франция салгылашкан. Орустардын кемелери дагы бул ыңгайлуу булуңду, Көгүлтүр Жээктеги эң негизги порт катары колдонгон. Вильфранш орто-жер деңизиндеги эң терең портко (95 метр) ээлик кылган жана соода-сатык үчүн дайым ачык болуп турган.

Вильфранш бүгүнкү күндөрдө 150 метрге чейинки супер яхталарды жана терең сууга кирүүчү кемелерди  жана о.э. круиздик лайнерлерди кабыл алууга жөндөмдүү. Мындай көрүнүш чындап эле таң калтырат.

Эң кызыктуу тарыхый факт, Вильфранш орустун «Аврора» аттуу крейсери менен тааныш. Ал крейсер, князь Бористин жетекчилиги астында президент Любе менен жолугуу максатында келген.

Вильфраншты кошуна курорттун  жана Италиянын жээктеринде жашаган жашоочулар, бош күндөрү келип эс алып кетүү үчүн тандашат. Бул жердин бардык жактарында, италиялыктардын таасири байкалат —  архитектурада, ашканада, элдердин жүрүш-турушунда.

Вильфранштын борбордук жээги  (фр. Plage des Marinières) көп сандаган туристтерди жана балалуу үй-бүлөлөрдү кызыктырат. Майда таштар бутту жарадар кылбайт жана ошол эле учурда, кумга окшоп өтө ысып кетпейт. Бул жерде ар дайым ыңгайлуу эс алууга болот.

Бирок,  бул жерден үйдү алдын ала ээлеп койгон жакшыраак. Себеби,  мейманканалардын бөлмөлөрү чектелүү жана иш кызуу болуп жаткан учурда кымбат.

Негизги жээктен сырткары, булуңдун аймагында дагы бир өтө чоң эмес  — “Plage de la Darse” бар. Ал жер өтө кооз жана сууга түшүү үчүн ыңгайлуу.

Вильфранш-сюр-Мер

Көркөм Вильфранш

Франциянын Ривьерсынын башка шаарларындагыдай  эле, Вильфранштын көркөм, сонун жерлери анын жүрөгүндө, тарыхый борборунда, бийик жеринде жайгашкан.

Вильфранштын эң борборунда Сент-Мишель чиркөөсү (фр. Eglise Saint-Michel de Villefranche-sur-Mer) жайгашкан.  Анын ичинде өлкөдөгү эң илгерки аспап —  чиркөөнүн илгерки  “үнү”, 1790 – жылдан бери келе жаткан мурасы — байыркы орган бар.

Вильфраншка барып Сент-Петр кичи чиркөөсүн (фр. shapelle St-Pierre) байкабай калуу мүмкүн эмес. Бул жерде, кылымдар бою балык кармоочу куралдар —  торлор, кайыктар, кайырмактар сакталып келген. Андан кийин, чиркөөдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзгөн. Анын дубалындагы сүрөттөрдү, сүрөтчү Жан Кокто тарткан.

Вильфранштын эң таасирлүү нерселеринин ичинен, белгилүү Обскюрду (фр.Rue Obscure) “караңгы көчөнү” атасак болот. Анын узундугу таң калтырат жана жолоочуга бүтпөс болуп сезилет. Тагыраак айтканда —  бул курулуш, жер астындагы, XIII кылымга таандык көп аркалуу лабиринтти элестетет. Рю Обскюр жөн жерден эле, жашыруун тоннелди же бомбадан коргонуучу жайды эске салбайт  —  аны экинчи дүйнөлүк согушта коргонуучу жай катары колдонушкан. Бул жол шаардын так борборуна алып барат.

Вильфраншта болуу — Көгүлтүр Жээктин шаар четиндеги курортунун саркеч жана кымбат чөйрөсү менен таанышуу. Бул чөйрө — илгерки убактын жана жаратылыштын кооздуктары, таза деңиз жана жээктер. Бул “байлыктарга” көп адамдар келишет.

Compare

Enter your keyword