Ижарага берүү үчүн Францияда эң жакшы кыймылсыз мүлктү кантип сатып алууга болот

Францияда кыймылсыз мүлк сатып алган миңдеген чет өлкөлүктөрдүн чоң бөлүгү аны ижарага берип, объектинин кирешелүүлүгүн көтөрүүнү көздөшөт. Бул көпчүлүк менчик ээлерине туура келген мыкты идея болуп көрүнгөнү менен, керектүү объектини издөө процессин улантуудан мурда, бул тема камтыган бир катар варианттарды жана ар түрдүү чечимдерди эске алуу керек.

  • Менчик үйдү ижарага берүү же объектини ижарага берүү максатында сатып алуу

Францияда кыймылсыз мүлктү ижарага берүү бир катар мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Үйүңүздү өзүңүз колдонбогон убакытка ижарага берүүгө болот, бирок жеке эс алууңузду так пландаштыра билүү жана пландардын өзгөрүп кетпешине толук ишенүү зарыл. Андан сырткары, үйүңүз потенциалдуу ижарачылардын күтүүлөрүнө жана жайлуу турак жай жөнүндө түшүнүгүнө ылайык келишине ынануу зарыл. Бул варианттын терс жагы – жылына бир нече жума же ай бою үйүңүздө чоочун адамдардын жашашына даяр болушуңуз керек.

Франциядагы кыймылсыз мүлктө жеке жашоо

Кыймылсыз мүлкүңүздү ижарага берүүдөн олуттуу киреше алууга үмүттөнсөңүз, бул өз турак жайыңызда жылдын популярдуу эмес мезгилинде гана жашоого мүмкүн болот дегенди түшүндүрүшү мүмкүн. Бул региондун сизди башынан өзүнө тарткан нерселери мезгилдер ортосундагы салттуу жымжырттык убагында жоголот. Деңиз боюндагы көптөгөн дуулдаган курорттор кыш мезгилинде элестүү шаарларга айланат, ал эми лыжа тебүү курорттору, жайкы инфраструктурага жетишээрлик көңул бурулбаган болсо, кар кетери менен ээн калат.

Франциядагы жеке кыймылсыз мүлктү сезондо ижарага берүүгө эмне үчүн болбосун?

Кээ бир адамдар эс алуу сезонунда өздөрү чаканыраак турак жайларга көчүп (ижарага алынган же менчик), өз үйлөрүн ижарага берүүнү артык көрүшөт. Албетте, бул бир кыйла чоң чыгашаларды талап кылат, бирок ийгиликтүү иш чара болуп калышы мүмкүн, айрыкча эгер үйүңүз чоң жана жакшы жабдылган болсо. Эгер бюджет жетиштүү болсо, жана фантазияңыз рынокто азырынча жетишсиз болгон чыгармачылыкка түрткүлөп жатса, Францияда шато же чоң фермердик үй сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырыңыз. Мындай сунуш, биринчи кезекте, стандарттык мейманкана бөлмөлөрүнөн жана бир түрдүү батирлерден тажаган туристтерди өзүнө тартат. Тар сектордогу минималдуу атаандаштык салыштырмалуу жогору бааларды орнотууга мүмкүндүк берет.

Кыймылсыз мүлккө инвестициялоонун ар түрдүү критерийлери бар

Эгер Францияда кыймылсыз мүлк сатып алуу инвестициялык гана мүнөз алып жүрсө, жана өзүңүз ал жерде жашоону пландаштырбасаңыз, анда объектиге ар түрдүү талаптар коюлат. Деңиз жээгиндеги кичинекей студия-батирлер кыска мөөнөткө ижарага алуу үчүн суроо-талапка ээ болушу мүмкүн, бирок узак мөөнөткө жашоо үчүн жараксыз болушу ыктымал.

  • Узак мөөнөткө же кыска мөөнөткө ижаралоо

Жеткире баа берилбеген чечимдердин бири – кыймылсыз мүлктү кыска мөөнөткө ижаралалоону кааалайсызбы же узак мөөнөткөбү. Сиздин бул тууралуу кабыл алган чечимиңиз сиз сатып ала турган объектинин жайгашкан ордун жана түрүн белгилүү бир даражада аныктайт. Чет элдик инвесторлордун арасында кыска мөөнөткө ижарага берүү варианты популярдуу, мында турак жай эс алуучуларга суткасына берилет. Буга, турак жайларды менчик ээлери өздөрү колдонбогон мезгилде ижарага берүү, чоң үйдө бош бөлмөлөрдү же атайын ижарага берүү максатында сатып алынган батирлерди берүү кирет.

«Кара күнгө» бюджет

Жакшы объект кызуу сезон күндөрүндө абдан чоң киреше алып келиши мүмкүн, бирок рынок – туруксуз нерсе, ошондуктан «кара күнгө» «каржы жаздыгын» камдап коюу оң. Эгер сиз ижарадан гана келүүчү кирешеге ишенсеңиз, ал эми турак жайыңыз туристтер арасында популярдуу болбосо, көйгөйлөр бат эле пайда болушу мүмкүн.

Узак мөөнөткө ижаралоо артыкчылыктуу болушу мүмкүн

Жогоруда келтирилген сценарийди болтурбоо үчүн варианттардын бири Францияда эс алуучуларга суткасына берилүүчү эмес, узак мөөнөткө ижарага берүүгө багытталган кыймылсыз мүлк сатып алуу болуп саналат. Киреше азыраак болот жана аны айына бир жолу гана ала аласыз, суммалар да өтө чоң эмес болот (кызуу сезон маалында суткасына алса боло турган баалардан өтө алыс), бирок кепилденген кирешенин артыкчылыктарын эске албай коюуга болбойт. Француздар – ижарачылардын улуту: алар турак жайды сатып албастан, ижарага алууну артык көрүшөт. Ошондуктан, эреже катары, ижарага алуучуларды табуу кыйынчылыкка турбайт, айрыкча, турак жай жакшы жерде жайгашкан болсо. Француздардын жашоо образында эркиндик чоң роль ойнойт, ошондуктан алар жагып калган райондо ижарага батир алып, каржылык же турмуштук жагдай өзгөргөндө, жөн гана башка жерден турак жай ижарага алууну артык көрүшөт – бул мурда сатып алынган кыймылсыз мүлктү сатып убара болгонго караганда кыйла жөнөкөйүрөөк.

  • Франциядагы кыймылсыз мүлктүн жайгашкан орду

Адаттагыдай эле, «жайгашкан орду» сөздөрү чоң мааниге ээ. Эгерде сиз ижарага берүү үчүн кыймылсыз мүлк сатып алып жаткан болсоңуз, анда турак жайдын жайгашкан орду эс алуучулар үчүн сөзсүз ыңгайлуу болушу зарыл. Деңиздин жанында жайгашкан объектилер жарыяланбаган рейтингдин лидерлери болуп саналат, бирок бул жерде объектинин наркын эске алуу зарыл, анткени деңиз жээгиндеги объектилер өлкө ичиндегилерге караганда кыйла кымбартыраак. Париждеги кыймылсыз мүлк да, албетте, популярдуу, бирок бул рынокко «кирүү чыптасынын» наркы салыштыргыс жогору. Лыжа тебүү спортуна суроо-талапты эске алуу менен, тоо боорлорундагы объектилер да ижарага ийгиликтүү берилип келет.

Жакшы аба ырайы жана жакын арада жайгашкан көрүүгө кызыктуу нерселер

Жалпысынан алганда, Франциянын түштүгү жагымдуу климаты менен эс алуучуларды өзүнө тартат, ал эми Бретань, мисалга, өзүнүн кооздугу менен популярдуу, Иль-де-Франс региону өзүнүн транспорттук жеткиликтүүлүгү менен белгилүү. Эгер сиз жакын аралыкта ар түрдүү көрүүгө кызыктуу жерлер жана бош убакытты өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү: көлдөр, каналдар, темактикалык парктар, колориттүү айыл жергеси же кызыктуу шаарлар бар экенине ынансаңыз, чет элдик сатып алуучулардын, Лимузен жана Пуату-Шаранта регионунун бөлүктөрү сымал, анчалык айкын эмес тандоосу да ижарага алуучулардын арасында суроо-талапка ээ болот.

Жакын аралыкта жайгашкан ыңгайлуулуктар

Анан дагы, албетте, эгер жакын аралыкта барлар, ресторандар, кафелер же баарынын сүймөнчүгү болгон boulangerie’лер жок болсо, Франциядагы жеткиликтүү баадагы эң жагымдуу кыймылсыз мүлк да суроо-талапка ээ болбойт. Мыкты коомдук бассейн да артыкчылык болушу мүмкүн, айрыкча, ижарага берилүүчү батир жайгашкан турак жай комплексинин өзүнүн бассейни жок болсо. Потенциалдуу ижарачылар үчүн эң сонун эс алууну элестетиңиз жана ошол багытта аракеттениңиз.

  • Тийиштүү рынокко жетүү мүмкүнчүлүгү

Жеткиликтүүлүк – бул дагы бир маанилүү нерсе: аэропорттордон, эң оптималдуусу ­­– Европадан келген бюджеттик авиакаттамдарды кабыл алган аба гавандарынан алыс эмес жерде жайгашкан региондорго көңүл буруу керек. Узак мөөнөткө ижаралоодо транспорттук жеткиликтүлүк өтө чоң мааниге ээ эмес, бирок артыкчылыктардын катарында акыркы орунда турбайт. Ыктымалдуу түрдө, чет элдиктер эмес, француздар максаттуу аудитория болот, ал эми Францияда узак мөөнөткө кыймылсыз мүлк ижарага алууну көздөгөндөр, иштеген жерине, мектептерге, тиричилик жана коомудук инфракструктурага (мектептер, ооруканалар, дарыканалар, дүкөндөр ж.б.) жетүү оңой болгон райондорду издешет. Автомагистралдардан алыс эмес жайгашкан же өзүнүн темир жол станциясы бар, мегаполистин чет жакасында жайгашкан кичине шаарчадагы турак жай эң сонун вариант болуп саналат. Сүрөттөмөгө туурак келген кыймылсыз мүлктүн түрлөрү ар кандай болушу мүмкүн, бирок көп учурларда апартаменттер же, шаарда же айылда жайгашкан жөнөкөй үйлөр популярдуу болуп саналат. Мындан сырткары, алар шаардагы турак жайга салыштырмалуу кыйла арзан болот.

  • Укук жана каржы маселелери

Бардык тийиштүү юридикалык маселелерди тактап алганыңызга ынаныңыз жана толук маалыматтарды алгандан кийин Францияда кыймылсыз мүлк издөөгө киришиңиз. Менчик ээси катары, сиз кыймылсыз мүлктү ижарага беришиңизге карабастан, Taxe Foncière салыгын төлөөгө милдеттүү болосуз, ал эми Taxe d‘Habitation салыгын ошол жерде ар жылдын 1-январына карата иш жүзүндө жашап жаткан адам төлөйт. Бирок, эгерде сиз деңиз жээгиндеги же лыжа тебүү аймагындагы кыймылсыз мүлкүңүздү кыска мөөнөткө ижарага берсеңиз, ал эми ижарага алуучулар жаңы жылдык каникулду өткөрүү үчүн гана келген болсо, алардын Taxe d’Habitation салыгын төлөшү аз ыктымалдуу. Ошондуктан, кыймылсыз мүлктүн ээси катары, сиз Taxe Foncière’ге кошумча  Taxe d’Habitation салыгын да төлөшүңүзгө туура келет.

Узак мөөнөткө ижарага берүү боюнча кесиптик кеңеш алуу үчүн кайрылыңыз

Эгер сиз кыймылсыз мүлкүңүздү узагыраак мөөнөткө (эки айдан жогору) ижарага берсеңиз, жана бул мөөнөткө жыл алмашуу мезгили, башкача айтканда, 1-январь кирсе, анда жашоо үчүн салыкты (Taxe d‘Habitation) ижарага алуучу төлөйт. Узак мөөнөткө ижаралоо ижарага алуучурларды коргоо жөнүндө катуу мыйзамдарга баш иет, андыктан мындай келишимди түзүүдөн мурда юридикалык кеңеш алуу өтө маанилүү. Мындан сырткары, объектини колдонуу максаттарына жараша, Франциядагы кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу боюнча ар түрдүү полистер талап кылынат – бардык шарттар туура сүрөттөлгөнүнө ынануу үчүн, бул жерде да кесиптик кеңеш алуу зарыл.

  • Ижарага берилүүчү үйдө же башка үйдө жашоо

Башкалар салган көнүккөн жол менен жүрүп, эс алуучуларга gîte ижарага берүүнү чечкен болсоңуз, бош бөлмөлөрүн ижарага берсе боло турган чоң үй алуу керекпи же интвестициялык кыймылсыз мүлктөн алысыраак өзүнчө батирде жашоо керекпи деген жөнүндө ойлонуңуз. Алгачкы gîte‘тер көбүнчө фермерлердин жериндеги фермердик коттедждер болгон, ал эми фермердик жашоонун ызы-чуусу турпакеттин бир бөлүгү болуп келген. Оң көрүнүштөрдүн катарына ар күнү таңкы тамакка берилүүчү жаңы жумурткаларды жана сүттү, жана фермерлердин жубайлары эртең мененки чайга бышырган көмөчтөрдү киргизүүгө болот.

Ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлктүн жанында жашоо

Бүгүнкү күндө ижарага алуучулар кыйла көп нерселерди күтүшөт: көпчүлүгү жеке бассейндин, бактын жана кынтыксыз инфраструктуранын болушун каалашат. Эгер сиз мунун баарын кубаныч менен камсыз кылып берүүгө даяр болсоңуз, gîte сымал үй алыңыз, же үйгө уланган курулуш жасатыңыз. Бирок күндүн ысыгында демиңиз кыстыгып отурган убакта, конокторуңуз сиздин бассейнде эртеден кечке суу чачышып эс алып жатканын унчукпай карап отурууга даяр болуңуз!  gîte’тин дагы бир ыктымалдуу кемчилиги болуп сиздин ар дайым жеткиликтүү болушуңуз саналат, жана ижарага алуучулар сизге суроолорду үстү-үстүнө жаадырышат. Мамилечилдик – француздардын жашоо образы экенине көнүшүңүзгө туура келет. Ооба, бул өтө деле оор эмес, бирок эртеден кечке жүздөгөн суроолорго жооп бере берүү чарчатышы мүмкүн, ал эми мунун баары сиз ошол жерде болгон үчүн орун алат!

Кардарларыңыздын муктаждыктарын баалаңыз жана, зарыл болсо, эрежелерди орнотуңуз

Ичиңизде эмне болуп жатканына карабастан, сиз дайыма жылмайып, сылык болушуңуз керек жана кардарлар сизден достук мамилени жана көп сүйлөөчүлүктү күтөбү, же алар жашаган мезгилде сиздин белгилүү бир аралыкты кармашыңызды каалашабы, мунун баарын сезе билүү зарыл. Сиз өзүңүздүн эрежелериңизди орнотууга укуктуусуз, мисалы, айрым сааттар аралыгында тынчтыкты талап кылууга (Франциянын көпчүлүк провинциалдык шаарчаларында жана айылдарында жекшемби күнү жана күндүзү саат 12ден 14кө чейин ызы-чуунун деңгээлине карата эрежелер бар). Үй ээсинин укуктарын тескери пайдаланып, өтө көп чектөөлөрдү орнотууга да болбойт – эмнеси болсо да, адамдар эс алууга келишкен жана убакытын шаңдуу өткөрүү үчүн акча төлөшкөн!

Турак жайдын өзүндө жашоонун артыкчылыктары

Башка жагынан алганда, эгер бош бөлмөлөрдү ижарага берип, ошол эле чоң үйдө жашасаңыз, суунун агып кетүүсү, бассейн үчүн насостун бузулуп калуусу, кир жуугуч машинанын иштебей калуусу жана башкалар сыяктуу чыныгы көйгөйлөр пайда болгондо, бир нече километр жол басып келүү зарылчылыгы болбойт. Эгер жылдын көпчүлүк мезгилинде ошол үйдө жашасаңыз, анда эң жакшы баадагы товарларды жана кызматтарды кайсы жерде тапса болорун да билесиз.

  • Франциядагы кыймылсыз мүлктү кармоо

Эгер сиз үйдү ижарага берүү үчүн алып жаткан болсоңуз, үйдү тейлөө маселеси аны үй-бүлөңүз менен жашоо үчүн колдонгонго салыштырмалуу бир кыйла курч турат. Эс алуучулар Франциядагы кыймылсыз мүлк үчүн чоң ижара акысын төлөшөт жана алардын ал жердеги эс алуу учурунда бардык нерселердин кынтыксыз иштешин күтүшөт. Эгер сиз ошол эле үйдө же жакын жерде жашасаңыз, башка өлкөдө жашап, маселелерди аралыктан чечкенге караганда бир кыйла көп нерселерди жасай аласыз. Каршы учурда, мүлктү башкаруу боюнча күнүмдүк маселелерди чече турган кесипкөйдү жалдоо оң.

Жергиликтүү кароочу керек болушу мүмкүн

Сиз France Telecom жана EDF сыяктуу уюмдарга телефон чалуу же, зарыл болсо, сантехникти, электрикти же компьютер техниктерин чакыруу үчүн француз тилин жетишээрлик деңгээлде билген адисти жалдашыңыз керек болот. Албетте, муну аралыктан жасоого болот, бирок жогоруда аталган адистер келгенде, бирөө үйдө болушу зарыл, ошондуктан жергиликтүү тургундан ушундай жумуштарды сиздин ордуңузга аткарууга күн мурунтан макулдугун алып койгонуңуз оң.

Үйүңүздү жогорку даражада кармаңыз

gîte сыяктуу бизнестин бардык аспектилери дайыма сервистин жогорку деңгээлин кармап турууну талап кылат. Ошондуктан, бардык мүмкүн болуучу жагдайлар жана аларга байланыштуу чыгымдар менен өз убагында алектенүүгө даяр болуңуз. Үйдүн арткы дубалындагы ным конденсатка сиз чыдай алышыңыз мүмкүн, бирок ижарага алуучулар муну ылайыксыз деп табышы мүмкүн. Бакта же бассейндин жанында жайгашкан аарылардын уясы эс алууну бузууга жөндөмдүү, жана, эгер нааразычылыктарды уккуңуз келбесе, кечиктирбей аракеттенүү зарыл. Албетте, кесиптик клининг компанияларынан кошумча жардам алуу, же бул маселени өзүңүзгө алуу керек болот.

Францияда ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк сезондор аралыгында

Кыймылсыз мүлктү ал жерде эс алуучулар жашап турган убакытта жакшы кармоо өтө чоң мааниге ээ, бирок сезондор аралыгы жөнүндө да унутпоо керек. Сиз, жашоочулар жок болсо, эскирүү да жок деп эсептешиңиз мүмкүн, бирок ушундай мезгилде да бул жерде жумуш табылат. Түтүктөр тоңуп, анан суу агып чыгышы мүмкүн, электр зымы күйүп калышы мүмкүн, ал эми тиричилик приборлору сиз жокто жөндөн-жөн иштебей калышы ыктымал. Эгер бак бар болсо, ага мезгил-мезгили менен көңүл буруп, кам көрүп туруу керек, эмесе жазда короону калың чөп басып кетиши мүмкүн. Франциянын түштүгүндө жайгашкан үйдө бассейндин болушу өтө жагымдуу нерсе, аны тазалап, кышка даярдоо керек. Эс алуу сезонунан мурда бассейнди эксплуатацияга киргизүү жана үйдөгү бардык тиричилик техникасынын бузулган эместигин текшерүү зарыл.

Коопсуздук деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн караштырыңыз

Эгер сиз ижарага берилип жаткан кыймылсыз мүлктөн бир кыйла аралыкта жашасаңыз, үйүңүздүн ачкычы дагы бирөөдө бар болушу жөнүндө кам көрүңүз, жана ал адам турак жайды үзгүлтүксүз текшере алышы керек болот. Балким, жаңы досторуңуз же кошуналарыңыз менен макулдаша аласыз, бирок мындай кызмат үчүн акы төлөөгө туура келишине таң калбаңыз.

Франциянын айыл жергелеринде кылмыштуулук деңгээли жогору эмес экендигине карабастан, сезондор аралыгында бош калган үйлөр уурулар үчүн өтө кызыктуу болушу мүмкүн – буга оңой жеткиликтүүлүк жана кармалып калуунун аз ыктымалдыгы өбөлгө түзөт. Көбүрөөк убакытка бош туруп калган Франциядагы кыймылсыз мүлк кыйла көп коопсуздук чараларын талап кылат. Ошондуктан, металл терезелерди жана эшик тосмолорун (декоративдик элемент катары да орнотулушу мүмкүн), электр тогу менен иштөөчү дарбаза жана сигнализация орнотуу мүмкүнчүлүгүн караштырыңыз.

  • Франциядагы кыймылсыз мүлк түрү

Ижарага берүү үчүн кыймылсыз мүлк издөөдө, коюлган максаттардан көз карандысыз, өзүңүздүн гана табитиңизге ишенүүңүз керек. Тышкы дүйнөдөн эки жумага жашынып, өлкөнүн терең ортосундагы эски коттеджде жашоо сиз үчүн бакыт болсо, эс алуу объектилеринин талаптары таптакыр башкача. Ал ар түрдүү формаларга жана өлчөмдөргө бай, ошондуктан, сиз кыйла төмөн баа категориясына багытталган бюджеттик объект сатып алып жаткан болсоңуз да, үйүңүз потенциалдуу ижарачылар үчүн кандай көрүнөөрү жөнүндө жакшылап ойлонуңуз.

УСС табыңыз

Сиздин объект атаандаштардын жанында өзгөчөлөнүп турушу үчүн, УСС (уникалдуу соода сунушу) табуу керек. Эгер үйдү шато катары мүнөздөө мүмкүн болсо (бул түшүнүккө сиз элестеткенден көбүрөөк нерселер кирет), ал gîte’ке караганда көбүрөөк суроо-талап жаратат. Лыжа тебүү эңкейиштеринен алыс эмес жайгашкан Франциядагы кыймылсыз мүлк көбүнчөсү жылдын кар көп болгон мезгилинде суроо-талапка ээ болот, ал эми оригиналдуу мүнөздөмөлөрү менен объектилер каалаган региондо жана каалаган мезгилде жакшы сатылат. Франция өзүнө колунда бар жана билимдүү публиканы тартат, андыктан объектинин сапаты өтө чоң мааниге ээ. Бул жөн жана түнөө үчүн жай жана пляж менен түнкү клубдун ортосунда жүрүп, кийим-кечелерди таштап коё турган бурч эмес.

  • Сиздин Франциядагы кыймылсыз мүлкүңүздүн жарнамасы

Учурда Францияда gîte рыногу өтө толгон жана атаандаштык жогору болгондуктан, ээлөөнүн тыгыз графиги менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүңүздү максималдуу түрдө жогорулатуу үчүн, жарнама кампаниясын жакшылап ойлонуштурушуңуз зарыл. Бүгүнкү күндө максаттуу аудиторияга жетүүнүн эң жөнөкөй жана популярдуу жолу болуп интернет саналат, бизнесиңизди натыйжалуу алга жылдырууга жардам берүүчү толгон токой сайттар бар. Кээ бир сайттар бул жумушту башкаларга караганда жакшыраак жасайт, ошондуктан алардын кайсылары издөө сервистеринин, мисалы, Google’дун алдыңкыларына киришин өзүңүз изилдеп чыгыңыз. Потенциалдуу ижарага алуучулардын көпчүлүгү издөө натыйжаларынын биринчи эки-үч бетин гана карашат, ошондуктан мыкты издегичти оптималдаштыруу сайтын (SEO) табуу маанилүү. Жакшы жарнаманын маанилүүлүгүн баалабай коюуга болбойт, жана веб-дизайнердин, фотосүрөтчүнүн же коштоочу тексттин авторунун профессионалдуу жардамы акыр аягында өтө жакшы инвестиция болуп чыгышы мүмкүн.

  • Францияда кыймылсыз мүлктү кийин оңдоо үчүн сатып алуу

Азыркы күнгө чейин Францияда кийинки ренновациялоо үчүн көптөгөн объектилер бар, жана алар турак жайдын потенциалын алдын ала билген сатып алуучуларды, анын ичинде чет элдик сатуучуларды өзүнө тартат. Көп учурларда мындай объектилерди өтөт арзан баада сатып алууга болот, бирок Францияда кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алгыңыз келсе, пландаштырган реконструкциялоо иштерин өтө жакшы уюшутуруу зарыл. Францияда бардык жумуштар башынан пландаштырылгандан көбүрөөккө созулат, буга бир чети, француз жашоосунун олуттуу (жана кыжырды келтирген!) бөлүгү болуп саналган бюрократия себепкер. Жергиликтүү компаниялар (өтө жогорку стандарттар боюнча иштегенине карабастан) Европанын башка өлкөлөрүнүн жашоочулары көнгөн тейлөө мүнөзүнө ээ эмес, жана өз ишин убагында бүтүрө албаган аткаруучулар/жеткирүүчүлөр жөнүндө баяндар бул жерде өтө көп кездешет.

Эске алуу зарыл болгон бир катар нерселер

Эгерде оңдоо иштерин өзүңүз аткарып жаткан болсоңуз, бардык укуктук критерийлерге жооп беришиңизге ынанышыңыз зарыл (мисал үчүн, электр жабдуусун орнотуу үчүн квалификацияланган электрик талап кылынышы мүмкүн), жана келип чыккан бардык маселелерди чечүү үчүн кошумча убакытыңыз болушу керек. Бюджетиңиз оңдоого кеткен чыгымдарды каптайбы же мүмкүн болушунча эртерээк киреше алып башташ үчүн, Франциядагы кыймылсыз мүлкүңүздү ижарага берүү керекпи? Балким, оңдоону талап кылбаган даяр объектини сатып алуу оң болот?

Ижарага берүү үчүн Франциядан кыймылсыз мүлк сатып алуу – жөнөкөй, бирок комплекстүү

Ижарага берүү үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу акча табуунун жөнөкөй жолу болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок, жогоруда келтирилгендерден көрүнүп тургандай, бул концепцияда көптөгөн татаалдыктар бар, жана аягында жалгыз туура чечим кабыл алыш үчүн, көп нерсе жөнүндө ойлонуу керек.

Ольга Шошина

Compare

Enter your keyword