Эгер чет өлкөдө кыймылсыз мүлк сатып алууну пландаштырып жаткан болсоңуз, көңүлүңүздү Франциянын кыймылсыз мүлк рыногуна бурууну кеңеш кылабыз. Көгүлтүр Жээк курорттук шаарларга бай, алардын арасында Ницца өзгөчөлөнүп турат – тынч жана жайлуу, өзүнүн кооз жаратылышы жана таптаза пляждары менен.

Эң түштүктө жайгашкан Ницца Жер ортолук деңиздин суулары менен жуулат. Ошондуктан, бул жерде климат дайыма жылуу жана жумшак, жылдын каалаган мезгилинде күн чыгып турат, ал эми кыш мезгилинде жакын жайгашкан альпы курортунда лыжа тебүүгө болот.

Недвижимость в Ницце

Шаар борборунда өзүнүн архитектурасы менен таң калдырган, шөкөттүү жана бардык жагынан кооз үйлөр жайгашкан. Эл аралык университтер жана мектептер, ошондой эле мазмундуу маданий жашоо (бул жерде көргөзмөлөр, ар түрдүү фестивалдар жана концерттер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат) өнүккөн инфраструктураны түзөт. Жөө баса турган аралыкта көп сандаган кафелер, барлар жана ресторандар жайгашкан жана алар сутканын каалаган мезгилинде ачык. Муну менен катар, Көгүлтүр Жээкте кыймылсыз мүлктү дал Ниццадан сатып алууну чечүү менен, сиз кичинекей бейишке ээ болосуз, анткени бул жерде жашоо өзүнүн өзгөчө темпи менен агат.

Недвижимость в Ницце

Ниццада кыймылсыз мүлктүн баасы анын жайгашкан орду менен түздөн-түз байланыштуу: курорттун ортосунда (Англис жээги катары белгилүү болгон «Променад дез Англе» жээгинде) көп сандаган маданий эстеликтердин жана белгилүү жайлардын (уникалдуу «Негреско» отель-музейи) жанында жайгашкан апартаменттер – эң кымбат жана шөкөттүү апартаменттер. Периштелер булуңунун жээгинде, Деңиз жээгиндеги Альпылардын этегинде, деңизге чыккан мыкты варианттар бар – бул жерде бассейндери жана жеке бактары бар виллалар созулуп жайгашкан. Бул шаардагы кичинекей үй да сизге терезеден деңиздин көрүнүштөрү менен ырахаттануу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Курорттун дүйнөлүк мааниси, албетте, Ниццада кыймылсыз мүлктүн сатылышына таасир этет – квадрат метрдин наркы 7 миң евродон башталат. Туристтер үчүн Алтын төрт бурчтуктун чегинде кыймылсыз мүлк алуу пайдалуу (көп сандаган престиждүү дүкөндөрдүн жана ресторандардын жанында). Мындай кылуу менен, сиз өзүңүз үчүн туруктуу көңүл ачууну жана жаркыраган таасирлерди камсыз кыласыз.

Недвижимость в Ницце

Тынч эс алууну жакшы көргөндөр үчүн деңиздин жанында жайгашкан, бардык ыңгайлулуктары бар шөкөттүү вилла туура келиши мүмкүн (шаар борборуна унаа менен 10-15 мүнөттүк жол, бирок деңиздин көгүлтүр тегиз бети менен ырахаттануу, сууга түшүү жана күнгө кактануу жана жадагалса жеке яхта кармоо мүмкүнчүлүгү бар).

Ниццада кыймылсыз мүлк сатып алуу жөнөкөй. «Кофранс» компаниясына кайрылыңыз жана шаардагы батирлер жана үйлөр боюнча эң мыкты варианттардын маалымат базасы гана эмес, визаны жана турак жайды камсыздандырууну жол-жоболоштурууда жардам да сиздин кызматыңызда болот. Каалооңуз боюнча, компания, лицензияланган брокер, кошумча кызматтарды көрсөтөт. Мисал үчүн, эгерде сиз үйүңүздө эс алуу убагында гана жашайм десеңиз, «Кофранс» аркылуу жеке ашпозду, бакчыны, жадагалса массаж жасоочуну да жалдай аласыз, ал эми сиз жокто үйдүн тазалыгын клининг компаниясынын адистери аркылуу кармоо жөнүндө келише аласыз.

Недвижимость в Ницце

Шөкөттүү, кооз, жыл сайын миңдеген туристтерди магнит сымал өзүнө тарткан Ницца, бардык убактарда белгилүү инсандар эс алуучу жер болуп келген. Бул жергиликтүү кызматтардын сапатынын деңгээлине жана бул жерде курулуучу үйлөрдүн жана көп сандаган имараттардын көркөмдүгүнө өз таасирин тийгизген. Бул жерде жеке турак жай сатып алуу менен, сиз жашоо үчүн кооз жана жайлуу турак жайга гана ээ болбостон, бул атмосферада жашоо мүмкүнчүлгүн да аласыз.

Compare

Enter your keyword