Француздар жашаган батирлер жана үйлөр жөнүндө

Эгерде сиз Францияда ТЖУ боюнча жашоону пландаштырып жатсаңыз, анда көңүлүңүздү биринчи кезекте кыймылсыз мүлккө бурууңуз керек. Бүгүнкү күндө Францияда кыймылсыз мүлк кымбат турат жана өлкөнүн калкынын жарымы, жадагалса биздин өлкөнүн жашоочуларына да кичине сезилген, ижарага алынган батирлерде жашашат. Францияда ижарага батир алуу – адаттагы нерсе, ошондуктан, француз коомунун тең укуктуу мүчөсү болуш үчүн, сизге баасы жана мүнөздөмөлөрү боюнча туура келген объектини табуу жетиштүү. Узак мөөнөткө ижарага алуу үчүн батирди мүмкүн болушунча тез жана убарасыз табуу үчүн Кофранс компаниясына кайрылыңыз. Биз сизге турак жай тандоодо жардам беребиз жана, Францияга мүмкүн болушунча эртерээк көчүп келе алышыңыз үчүн, бүтүмдү жол-жоболоштурууда жардамдашабыз.

О квартирах и домах, в которых живут французы

Францияда батирлердин аянты жана планировкасы жөнүндө

Бүгүнкү күндө Франциянын дээрлик бардык тургундары жадагалса биздин мекендештерибиз үчүн тар көрүнгөн, кичинекей батирлерде жашашат. Аянты 10-20 квадрат метр болгон батирлер студияларга айландырылат, аларда конок бөлмөсү уктоо бөлмөсү менен же ашкана менен бириктирилет, ал эми ажааткана жана ванна бөлмөсү сөзсүз бир болот. Мейкиндикти максималдуу түрдө үнөмдөө үчүн, батирлер атайын шкафтар жана нерселерди сактоо үчүн кичинекей бөлмөлөр менен жабдылат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер Францияда ижарага турак жай алууну чечкен болсоңуз, биздин өлкөдө көнгөн нерселерден көп айырмачылыктарды көрүүгө даяр болуңуз.

Планировка жагын алсак, бул жерде бардык француздар бирдей эле эрежелерге баш ийишет. Француздун батиринде конок бөлмөсү жана ашкана кандай кылып болсо да бөлүнгөн болот. Батирдин аянты өтө кичине болуп, студия түрүндө жасалган болсо да, конок бөлмөсү ашканадан шарттуу бөлүнүп турат, мисалы бар менен. Эмнеге дегенде, француздар ашканада түштөнүп же кечки тамак жеп көнгөн эмес, ал жерде болгону эртең мененки кофелерин ичүүлөрү мүмкүн. Француздар конок бөлмөсүндө тамактанышат.

О квартирах и домах, в которых живут французы

Мындан сырткары, шаардагы кадимки батирде сөзсүз түрдө аперитив үчүн стол болот. Коноктор келгенде, ал жерге жеңил тамактарды жана суусундуктарды коюшат, ал эми башка убакта мындай стол журналдык стол же тамактануучу стол катары колдонулат.

Турак жай мейкиндигин үнөмдөө боюнча көптөгөн варианттардын бар экендигине карабастан, француздарда уктоо жайы негизги турак жай аянтынан сөзсүз түрдө бөлүнгөн болот. Эң идеалдуу деген учурда, ал өзүнчө бөлмөдө жайгашат жана ал жакка коноктор кийирилбейт. Бирок, керебет студиянын жалпы бөлмөсүндө жайгашкан күндө да, ал негизги интерьерден визуалдуу түрдө бөлүнүп турат.

Француз батирлеринин интерьери

Интерьердин өзгөчөлүктөрү Францияга ТЖУга көчүп барууну көздөгөндөр үчүн өзгөчө кызыктуу. Франциядагы жөнөкөй батирлерди алсак, анда бул жерде интерьердин бир нече негизги өзгөчөлүктөрүн белгилеп кетүүгө болот:

  • Минимализм. Француз батирлеринин бул мүнөзү аянттын чектелгендигине гана байланыштуу. Мындай турак жайда эң керектүү гана интерьер буюмдары жана жасалгалоо элементтеринин минималдуу саны жайгашкан.
  • Эски менен жаңынын айкалышы. Типтүү француз батиринде чоң энеден мураска калган байыркы шкафты да, жөнөкөй дүкөндөн сатып алынган заманбап интерьер буюмдарын да көрүүгө болот. Француздар үй жасалгасынын ар кайсы элементтерин гармониялуу айкалыштырууга аракет кылышат жана муну абдан ийгиликтүү жасашат. Эмнеге дегенде, Францияда табигый жыгачтан жасалган эмерек кымбат турат. Ушул себептен, элдер эски тумбаларды, отургучтарды, текчелерди ыргытып жиберүүгө шашылышпайт жана аларды реставрациялашат. Мындан сырткары, көп учурларда француз батирлеринен өз колго жасалган эмеректерди көрүүгө болот.
  • Ашыкча интерьер буюмдарынын жоктугу. Француз батирлеринде ашыкча интерьер буюмдарын баш-аягы жок үйүп салуу деген болбойт, анын ичинде биздин өлкөнүн жашоочулары бала чагынан көнгөн килемдер да жок. Францияда килемдерди дубалдарга илишпейт, жадагалса полго да салышпайт. Анткени, Францияда мындай интерьер буюму кымбат турат жана аны жөнөкөй дүкөндөн сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Мындан сырткары, француздардын пикири боюнча, килем үй жасалгасында ашыкча болуп саналат жана чаң соруп, мезгилдүү тазалап турууга чыгашаларды гана талап кылат.

Францияда турак жай ижаралоо

Эгерде сиз Францияда ТЖУ боюнча бүткүл үй-бүлөңүз менен жашоону пландаштырсаңыз, үй ижарага алуу же аны сатып алуу жөнүндө ойлонуп көрүүңүз дурус. Эмнеге дегенде, шаарда жайгашкан батирлерге караганда, шаардан алыс эмес жайгашкан үйлөр, үй бүлөңүздүн бардык мүчөлөрү жайлуу жайгаша ала турган чоң аянтка ээ. Мындан сырткары, шаардын четинде жайгашкан үйдүн баасы шаар борборунда жайгашкан кичинекей батирдин баасынан бир нече эсе арзан. Ошентип, Францияда үй сатып алуу чечими сизге бир катар артыкчылыктарды берет:

Шаардан алыс эмес жайгашкан үйлөрдүн аянты чоң. Мындай үйдө үй бүлөңүздүн ар бир мүчөсүнүн жеке бөлмөсү болот, кенен ашкана, конок бөлмөсү жана бир нече тиричилик жайлары менен колдоно аласыздар.

Жеке транспортуңузду токтотуу үчүн жай пайда болот. Мындай «шөкөттөн» шаар чегинде пайдалана алышыңыз күмөндүү, анткени ал жерде дээрдик бардык токтотмолор акы төлөнүүчү болуп саналат жана унаа токтотуу үчүн акы саатына төлөнөт. Мындан сырткары, токтотмо сиз жашаган жерден кыйла алыс болушу мүмкүн, ал эми бул өтө ыңгайсыз нерсе. Жеке үйдө бир же жадагалса эки унааны токтотуу үчүн жетиштүү орун болот жана бул бүткүл үй бүлөнүн күнүмдүк жашоосун жөнөкөйлөштүрөт.

О квартирах и домах, в которых живут французы

Францияда кантип батир ижаралоого болот?

Эгерде сиз Францияга ТЖУ боюнча келүүнү пландаштырсаңыз, анда бул маселе сиз үчүн приоритеттүү болуп саналат, анткени коомдун толук укуктуу мүчөсү болуш үчүн, турак жай аянтына ээ болуу зарыл. Францияда каалаган турак жай келишим түзүлгөндөн кийин гана ижарага берилишин белгилеп кетүү керек. Ижара жөнүндө келишим ижарага берүүчүгө да, ижарага алуучугу да бир катар артыкчылыктарды берет. Биринчиден, келишимдин шарттарына ылайык, ижарага берүүчү, ижарага алуучу ижара үчүн чоң сумма карыз болгон күндө да, аны кыш мезгилинде турак жайдан чыгарып салууга укугу жок. Мындан сырткары, келишимге ижарага берүүчүнүн мүлкүн камсыздандыруу кирет жана, эгер ижарага алуучу жашап жаткан учурда кандайдыр бир зыян келтирилсе, камсыздандыруу компаниясы бардык чыгымдарды төлөп берет.

О квартирах и домах, в которых живут французы

Францияда кантип ижарага батир алуу мүмкүн? Эгер сиз Францияга узак мөөнөткө көчүп барууну чечсеңиз, анда биринчи кезекте турак жайды ижарага алуу керек экенин билишиңиз зарыл. Башка өлкөдө туруп, чет өлкөдө турак жай тандоо өтө кыйын. Бул себептен, көп адамдар ортомчуларга кайрылышат, ал эми алар, практика көрсөткөндөй, өз милдеттерин дайыма эле  ак ниеттүү аткара беришпейт.

Францияда турак жай ижарага алуу үчүн ортомчуну кантип туура тандоо керек?

  • Баарынан мурда, башка өлкөлөрдө жайгашкан компаниялар жөнүндө унутуңуз, анткени алардын Франциядагы ижарага берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок же көп сандаган ортомчулар аркылуу иштешет, ал эми бул турак жайдын ижара наркын бир нече эсе жогорулатат. Андан сырткары, мындай компаниялар ишенчээк адамдарды алдоо менен гана алектениши мүмкүн, ошондуктан, акчаңызды тобокелге салгыңыз келбесе, аларга кайрылбаңыз.

Францияда иш алып барган компаниялардын баары эле өз кызматтарын орус тилинде көрсөтө беришпейт. Эгер сиз француз тилинде сүйлөбөсөңүз, тил билбестиктен улам турак жайды ижарага ала албайсыз.

О квартирах и домах, в которых живут французы

Убаракерчиликти азайтып, чынында пайдалуу бүтүм жасоо үчүн, Кофранс компаниясына кайрылыңыз. Биздин орус тилинде сүйлөгөн кызматкерлер учурда Францияда жашашат, ошондуктан сизге батирди же үйдү мүмкүн болушунча тез табууга жардам беришет. Мындан сырткары, Cofrance компаниясы келишим түзүүнүн бардык баскычтарында сизге кесиптик жардам көрсөтөт жана сиз эң аз аракет жана убакыт сарптоо менен, эң пайдалуу шарттарда турак жайдын ээси болуп каласыз.

Compare

Enter your keyword