Францияда виллаларды ижарага алуу

Көгүлтүр Жээктин белгилүү курорттору бүткүл дүйнөдөн көп сандаган туристтерди өзүнө тартат. Жер ортолук деңиздин бул бөлүгүндөгү эс алуу эң тандагыч туристти да ыраазы кылат. Сонун жаратылыш, мыкты туристтик инфрастуктура – баары эс алуучулардын кызматына. Көгүлтүр Жээктен ижарага вилла алуу эс алуунун сапатын жогорулатышы турган кеп.

Француз Ривьерасынын курорттору ар убактарда орус интеллигенциясынын сүйүктүү эс алуу орду болуп келген. Монархтар, акындар, сүрөтчүлөр бул жерге Жер ортолук деңиздин жылдын дээрлик ар бир күнү күн ачык болуп турган жумшак климаты менен ырахаттануу үчүн келишкен. Пикассо, Матисс, Ренуар бейиштей болгон бул жерде көңүл эргитишкен. Сень-Поль-де-Ванс шаарчасында Марк Шагал коюлган. Жер ортолук деңиздин жээктеринин бул бөлүгү саякатчылар арасында азыркы күндө да өтө популярдуу.

Аренда вилл

Көгүлтүр Жээкте эс алууга келген ар бир туристте кайсы жерде токтоо керек деген суроо пайда болот. Эгер артыкчылыктарга жайлуулук жана шөкөт кирсе, Көгүлтүр Жээктин виллаларын ижарага алуу – эң мыкты тандоо болуп саналат. Албетте, курорттук шаарлардын биринде кыймылсыз мүлк сатып алууга болот, бирок ижарага алуу бир кыйла пайдалуураак. Ижарага алынган виллада эс алуу мейманкада жашоого караганда бир кыйла жайлуураак, а балким, арзаныраак да болот.

Статусуңузду баса белгилөө жана толугу менен каанаттануу үчүн Францияда ижарага деңиздин жанынан үй алсаңыз болот. Акчаңызга бардык ойго келген жана ойго келбеген жайлуулуктарды алышыңыз мүмкүн: коноктор үчүн бөлмө, техникалык жактан толук жабдылган ашкана, бир нече уктоо бөлмөлөрү, укмуштуу ванна бөлмөсү. Мунун баарында стиль жана табит сезилип турат.

Аренда вилл

Кондиционерлер, заманбап тиричилик техникасы, спутник ТВ, интернет, бассейн, машыгуу залы, унаа токтотмо – мунун баары мындай турак жайдын милдеттүү шарттары. Аталгандар толук баалуу эс алуу үчүн шарттарды түзөт жана өзүңүздү үйдөгүдөй сезүүгө жардам берет. Франциянын Көгүлтүр Жээгинен ижарага вилла алуу – бул, эстетикалык жана функционалдык жактан алганда, эң мыкты апартаменттер.

Көгүлтүр Жээктин кынтыксыз пляждарынын биринде жаркыраган күндүн астында жатып көшүгөндөн кийин, курорттун шаан-шөкөттүү түнкү жашоосуна чөмүлсөңүз болот. Мыкты тейлөө тартуулаган фешенебелдүү ресторандар Прованс тамактарын, эң мыкты прованс шараптарынын түрлөрүн татып көрүүгө чакырат. Эң кылдат эс алуучулар үчүн көп сандаган казинолор, клубдар, көп түрдүү көңүл ачуулар бар. Француз Ривьерасынын түнкү жашоосу – бул көңүл ачуулардын жаркыраган, эсте каларлык, сыйкырдуу калейдоскобу.

Аренда вилл

Францияда ижарага вилла алуу эс алуудан калган жагымдуу таасирди күчөтөт. Зарыл болсо, бизнес менен алектенүүнү токтотпой, аны эс алуу менен айкалыштырууга болот. Ижарага алынган турак жайда тынч жана жайлуу, ал жерде эч ким сиздин тынчыңызды албайт жана убакытыңызды каалагандай өткөрө аласыз.

Деңиз жээгинде эс алуу мезгилинде шоппинг үчүн да убакыт табууга болот. Оригиналдуу дизайнерлик француз кийимдерин арзан баада тартуулаган, дээрлик бош кичинекей кызыктуу бутиктерге кезигүүгө болот. Белгилүү француз косметикасына өзгөчө көңүл бурулат.

Албетте, Көгүлтүр Жээк сунуш кылган бардык укмуштар жана кызматтардан кийин, ижарага алынган болсо да, өзүңүздүн жайлуу виллаңызга келип, кийинки күнгө чейин бир аз эс алып алуу өтө жагымдуу болот. Францияда ижарага үй алуу – толук баалуу, кынтыксыз эс алуу үчүн эң керектүү нерсе.

Compare

Enter your keyword