Ванстан батир табуу

Ванстагы мейманканалар картадан

Ванс (фр. Vence) — Прованстын эң чыгышынын борборундагы жайлуу, өтө чоң эмес курорт, ал  Антиб жана Ницца шаарларынан  бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ванста чындап эле, бир гана  искуство үчүн бөлүнгөн жерлер көп. Алар оригиналдуу фонтандар жана скульптуралар, сүрөтчүдөрдүн көргөзмөлөрү жана галериялары жана кол өнөрчүлүк устакалар. Бул жерде, чыгармачылыкты көрсөтүү үчүн эң кадыр-барктуу багыттагы жана мейкиндиктеги мекемелер уюштурулган.

Деңиз боюна жакын жерден, кошуна шаарлардын жана Көгүлтүр Жээктин  суктандыруучу көрүнүшү ачылат. Ванс илгертеден эле, чыгармачыл адамдарды өзүнө тартып турган. Матисс, Шагал, Дюфи, Карзу ж.б. сүрөтчүлөр бул шаарда жашашкан жана алар, бул шаардын маданий мурасына өзүлөрүнүн баа жеткис, чоң салымдарын кошушкан.

Андан сырткары, Ванста XX кылымда  Европадагы эң бир көрүнүктүү жана атак-даңктуу жабык маданий коом түзүлгөн —  Маргарита жана  Аиме Маэттин  фонду.  Ал фонд  заманбап искустволордун бардык түрүн колдоо максатында түзүлгөн —  архитектурадан баштап көркөм адабият чыгармаларына чейин.

Бул мекемеге жардам берүүгө көптөгөн таш усталар жана чыгармачыл адамдар катышышкан. Алар шаардын бир бүтүн маданий  мейкиндигин түзүшкөн —  мисалы,  Giacometti  короосу же Миро лабиринти, Шагалдын таасирдүү мозаикалары, Бюри фонтанын жана бассейнин курууда.

Ванстын дубалынын аркасында

Ванс тегерете чеп менен курчалган, анын аркасынан көптөгөн ар түрдүү стилдеги архитектуралык курулуштарды табууга болот. Булар шаардын бай тарыхы бар экенин далилдеп турат: грек “стилиндеги”  өтө илгерки курулуштар жана Бел доорундагы имараттар ж.б.

Ванс  шаарынын абасында бышкан оливка, апельсин багы, роза, жасмин, лавандалардын жыттары аралашып калган. Бул жыттуу, Эски шаардын таш төшөлгөн көчөлөрүндө, эртеден кечке чейин сейилдеп жүрүүгө болот. Сейилдөө учурунда дүйнөдөгү эң кичинекей  la place Vieille аянтын,  du Peyra фонтанын жана  IV кылымда салынган  Ванстын  — La Cathedrale Notre-Dame de la Nativite чиркөөсүн көрүүгө болот. Бул чиркөөнүн сепили Марк Шагалдын мозаикалары менен кооздолгон.

Эски шаардын түндүгүндө,  XVII кылымда салынган Вильнев хан сарайы (фр. Chateau de Villeneuve) жайгашкан, ага XII кылымдагы мунара дагы тиешелүү.

Ванска  Матисстин белгилүү  чиркөөсүн (фр. La Chapelle du Rosaire) көрүүгө адамдар көп келишет.  Ал чиркөө толук бойдон анын архитектуралык планы менен салынган. Азыркы күнгө чейин улуу устанын эмгектери сакталып турат.

Place du Frêne аянты өзүнүн өткөн тарыхка тиешелүүлүгү менен таасирлендирет, ал чиркөөдөн алыс эмес жерде жайгашкан. Ал аянтты XVI кылымда Павел III жана Франсуа I  келээрде ясень бактары отургузулгандан баштап, ошентип аталып калган.

Ванстан бир нече белгилүү виллаларды дагы сөзсүз көрүү керек —  бул көркөмдүү “Le Reve”,  сөзмө-сөз которгондо, жашыл чөп баскан жана бейиш багындагы “кыялдагы”  чыныгы үй. Анри Матисс өзүнүн жашоосу жана  чыгармачылыгы үчүн ушул жерди тандаганы таң калыштуу эмес.

“Les Olivades” вилласы менен орустун балеринасы Ида Рубенштейндин аты байланыш, ал бул жерде жети жыл жашаган жана Ванста каза болгон.

Илгерки Нотр-Дам-де-Флер (фр. Notre Dame des Fleurs) “шатосу” өзүнүн дубылынын аркасында тарых сырларын сактап келет; көп сандаган кичине дүкөндөр жана устаканалар Көгүлтүр Жээктеги салтуу француз шаарынын атмосферасын түзөт.

Ванс өзүнүн көптөгөн кооз майрамдары менен белгилүү —  Гүл Согуштары, Салт Фестивалдары, Акындардын Жазы, Усталардын Жарманкеси жана дүйнөгө таанымал “Түштүктүн Түндөрү” аттуу музыкалык шоу концерти. Ал концертке катышууга  бир гана Европадан гана келбестен, жана о.э. Мексика, Перу, Венесуэла жана Африкдан дагы катышуучулар келишет.

Ванста Франциядагы Көгүлтүр  Жээктин өзгөчө жаратылышы менен ыракаттанууга, тарыхый мурасы менен таанышууга, белгилүү картошка ньокторун («Le gnocchi») жана Пастистин даамын татып көрүүгө жана эң мыкты ырчылардын музыкаларынын коштоосу астында уйкусуз түндөрдү өткөрүүгө болот.

Compare

Enter your keyword