Сен-Жан-Кап-Феррадагы кыймылсыз мүлктүн  түрү, ижаранын жана сатып алуулардын болжолдуу баалары жазылган. Cofrance компаниясынын турак-жайды сатып алуудагы көрсөткөн  кызматтары аталды.

Көгүлтүр Жээктеги баардыгынын тең эле мүмкүнчүлүгү   жете бербеген, укмуштуудай курортко эс алууну ойлонуштуруп жатасызбы? “Кофранс” компаниясы Орусиялыктар үчүн Сен-Жан-Кап-Ферра (Кап-Ферра) шаарчасын сунуштайт. Ниццадан түштүк-чыгышка 15-20 мүнөт алыс жерде жайгашкан. Ал жогорку коомдогу элдер эс ала турган курорттордун бири. Сен-Жан-Кап-Феррадагы кыймылсыз мүлк — эс алуучулардын статусуна толук туура келет.

Элита үчүн курорт: кантип негизделген жана кимдер эс алышат?

Недвижимость в Сен-Жан-Кап-Ферра

Аристократтардын эс алуу салты Кап-Феррада ХХ кылымдын башынан бери келе жатат. Баронесса Ротшильд деңизди карай алыска созулган учка, өзүнүн кыялындагы вилланы курдургандан баштап. Азыр, бул резиденция конокторду музей статусунда XV–XVIII к.к. буюмдардын коллекциялары менен тосуп алат.

Акырындык менен учта дүйнөдөгү эң бай жана таасирдүү адамдардын виллалары курула баштаган. Курорт эң кымбат делген топко кирген. Кап-Ферра — өзүнүн мүнөздүү бөтөнчөлүгү бар жабык клуб. Атайын тандалган элдер үчүн, эң жогорку даражалуу эс алуучуларга арналган.

Кап-Ферра: кыймылсыз мүлктү кайсы жерден сатып алышат

Недвижимость в Сен-Жан-Кап-Ферра

Учта турак-жайдын түрлөрү үч секторго бөлүнөт.

  1. Тундук бөлүгү. Эң кууш жери, бул жерден чыгыш жана батыш жээктерине барганга болот. Резиденцияда 3-5 кабаттуу үйлөр жана виллалар жабык турат. Кап-Ферра үчүн кыймылсыз мүлк -эң негизги.
  2. Пассабль жээги учтун түндүк-батышында жайгашкан. Жээктеринде виллалар курулган. Алардын баасы бул жакта өзгөчө себеби, күндүн батышы менен деңиз пейзаждарын көрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Сатыка коюлган элиталык короо-жайлары менен үйлөр жашыл бактар менен курчалган жана бассейндери бар.
  3. Чыгыш бөлүгү кымбатыраак жана имараттын көптүгү менен айырманып турат. Ал жерде көбүнчө көп батирлүү турак-жайлар курулган. Бул сектордун талап кылынуучу себеби жөнөкөй —  ал Көгүлтүр Жээктеги башка жерлерден айырмаланып, кеме токтотуучу жайга жакын жайгашкан.

Баалары жөнүндө

Недвижимость в Сен-Жан-Кап-Ферра

Кап-Феррадагы баардык үйлөр кымбат, баасы жайгашкан аймагына байланыштуу. Деңиз жакты караган батирлердин баасы, Ниццадагы бассейни жана багы бар вилланын баасынан жогору болушу ыктымал. Эң кымбат виллалардын баасы   22.000.000 € менен чектелбейт.

Официалдуу сатыка коюлбаган тизмедеги варианттарды тандоодо, жээктин жанынан 400,000 €дон ашпаган анча чоң эмес батир сатып алса болот.

Иш кызуу учурда, Кап-Феррада деңизге жакын виллалардын ижара акысы: май, июнь жана сентябрь айларында жумасына 8000€, июль-август айларында жумасына 13500 €дон башталат.

Ачык рынокто Кап-Феррадагы батирлер ижарага берүүгө сунушталбайт.

«Кофранска» кайрылыңыздар

Недвижимость в Сен-Жан-Кап-Ферра

Өз алдынча элиталык турак-жайды ижарага алууга же туруктуу жашаганга табуу жана ага ээ болуу оңой эмес. Cofrance баасы жана ыңгайлуулугу ылайыктуу болгон варианттарды тандаганга жардам берет. Сатып алуу жана ижарага алуу үчүн    керектүү иш кагаздарын даярдап берет. Кызмат комплексине: камсыздоо, салык төлөмдөрү, менчиктештирүү тууралуу  кеңеш берүү кирет.

Биздин электрондук дарегибизге жазыңыз. Телефон чалыныз. Онлайн формасында билдирүү калтырыңыз.  Сен-Жан-Кап-Феррадан сиздер үчүн сөзсүз, эң жакшы  кыймылсыз мүлк  тандап беребиз.

Compare

Enter your keyword