Грасстан батир табуу

Грасстагы мейманканалар картадан

Грас (фр.Grasse) — Франциядагы Көгүлтүр Жээктин эң бир кооз жана романтикалуу шаарларынын бири. Зюскинддин белгилүү  романын беттеринде  жана о.э. мындан көп убакыт мурун эң мыкты  парфюмердик өнөр жайы  менен атак-даңкка ээ болгон.

Чыгармада автор Грастын негизги “байлыгын ” так чагылдырган —  жыпар-жыттуу атырларды өндүрүү үчүн түгөнгүс булак болуп туруучу анын гүлдүү талааларын . Көп жылдар мурун эле, бул шаар, өзүнө жакын жерден жыты аңкыган чытырман токойго ээлик кылып турган.

Грас— орто-жер деңизиндеги жайлуу шаар. Ал  провансалдын кооз дөңсөөлөрүндө, башка жерлерден оолак жайгашкан. Муженден түндүгүрөөк,  деңизден бир аз алысыраак,  Каннадан түндүк-батыш тарапты карай 16 километр жерде. Граста канайым “Виктория”   эс алганды жакшы көрчү, ага бул шаардагы гүлдөрдүн аңкыган жыты абдан жакчу.

Грастын парфюмердик өндүрүшү илгертеден эле мистикалык сыр “алхимия” менен байланышкан, ал гүлдүн жашоо энергиясын акырындык менен жыпар жыттуу жана сыйкырдуу эссенцияга айландырат. Граста жана анын тегерегинде  керемет атырларды жасоо үчүн отуздан ашык официалдуу өндүрүш бар. Бул жерде уникалдуу атырлар жана эссенциялар “өндүрүлөт”  жана Dior, Lancôme жана  Estee Lauder өңдүү белгилүү брендтерге сатыка жөнөтүлөт. Эң кызыгы,  бир литр кошулмасыз таза роза суюктугу 19 миң евро турат.

Граска келген ар бир адам, атыр жасоо процессине  өзү катышса болот жана көптөгөн фабрикалардын көргөзмө залдарына да барууга болот —   Фрагонар (фр. Parfumerie Fragonard), Галимар (фр. Parfumerie Galimard) же  Молинарга (фр. Parfumerie Molinard).

Музей истории и искусства Прованса

Тарыхый Грас

Эң кызыктуусу, Грас дүйнөгө атырлардын борбору катары таанымал болушунуна, тарыхый жагдайлар себеп болгон. Орто кылымдарда бул шаарда көптөгөн булгаары устаканалары болгон жана ал жерлерден жагымсыз жыт чыгып турган.  Бул жагымсыз жытты кетирүү үчүн элдер гүлдөрдү, клумбаларды жана плантациялардын түрлөрүн отургуза башташкан, ошондон улам бул  — парфюмериянын өнүгүшүнүн негизи калган деп айтылат.

Башынан эле, Грас “чиркөө” шаары болуп саналчу жана бул жер епископ Антибдин  дайыма келип туруучу жери болгон. Кыштак XI кылымда эле негизделген.

Наполеон Бонапарт өзүнүн башкаруу учурунда Гольф-Жуанга , Грастан он чакырым алыс жерге өзүнүн аскери менен токтогон, андан кийин Парижди көздөй бет алган. Бул жол, ошондон баштап анын аты менен аталып калган.

Благоухающий Грас

Грастын негизги маданий эстеликтери Эски шаардын (фр. Vieux Grasse) тегерегине топтолгон, туристтер үчүн көптөгөн заманбап ресторандардын,  кафелердин жана дүкөндөрдүн бар экенине карабастан,  бул шаар илгерки замандын жана айылдын кооздугун сактап кала алган. Жергиликтүү жашоочулар бири-бирин илгертеден эле  өтө жакшы таанырын айтышат жана ушунусу менен шаар чыныгы айылды элестетет.

Кышкысын болсо, тынч жана жайлуу…

Грастын борбордук жана таанымал жери Эр аянты (фр. Place aux Aires)  болуп эсептелет. Бул жерден күнүгө базарга барууга болот жана ал кылымдар боюу иштеп келе жатат  —  мейман-дос сатуучулар жашылча-жемиштерди жана гүлдөрдүн түрлөрүн сунуш кылышат. Эгерде сиз “Hôtel Isnard” мейманканасынын коногу болсоңор,  элдердин базардагы “тыгылышуусун” балкондон (№ 33) көрө аласыз.

Байыркы шаардын чегинен ары жерде Нотр-Дам-дю-Пюи (Notre-Dame-du-Puy) таажылуу чиркөөсү жайгашкан. Бул чиркөө XII кылымда салынган. Анын ичинде Рубенстин жана Луи Бреанын эмгектери сакталып турат.

Нотр-Дамдын жанынан башка архитектуралык эстеликти көрүүгө болот  — ал епископтун сарайы.

Прованстын искуство жана тарых музейи  (Musée d’Art et d’Histoire de Provence)  өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Анын эң биринчи кожоюну жана идеянын түптөөчүсү  Мирабонун эжеси болгон, ал болочоктогу музейге светтик “кечелерди” көп өткөрчү. Азыркы  кезде бул жерде,  илгерки шакектер, моюнга такма чынжырчалар, иймектер, ашкана сервиздери жана о.э. XVIII кылымдагы ашкананын толук коллекциялары чогулган.

Башка кызыктуу  музей  “экспонаттардын ” ичинде, жыгачтан жасалган Мирабонун айкелин жана маскасын кезиктирүүгө болот. Анын маскасы ал каза болгондон кийин чечилип алынган.

Грастын башка белгилүү тарыхый эстелиги —  Эл аралык парфюмерия музейи (фр. Musée International de la Parfumerie).  Албетте,  бул жерде парфюмериянын жана жыпар жыттардын үлгүлөрү сакталган.

Благоухающий Грас

Кайра кайткы келген шаар

Грастын калкы болжол менен элүү миң адамды түзөт. Бирок, жыл сайын шаардын калкы эки эсеге  көбөйөт. Көп сандаган туристтер Эски шаардын гүл жыттанган айланасында жана таш төшөлгөн  көчөлөрүндө сейилдеп жүргүлөрү келет.

Грастын климаты эс алууга өтө ыңгайлуу —  жайкысын ысык жана жаан аз жаайт.  Бул жердин өзгөчөлүгү ушунда —   алтын мимоза, роза, жасмин,  жана о.э. лавандалардын жыпар жыттары абасына сиңип калган.

Франциянын  Көгүлтүр Жээгиндеги Грас шаары —  бул өзүнүн жаратылышынын сулуулугу менен суктандыруучу жана  өзүнө тартып туруучу шаар. Бул жер кайра кайты келген шаар.

Compare

Enter your keyword