Биоттогу мейманканалар картадан

Биот Франциядагы  Көгүлтүр Жээкте жайгашкан  (англ. Biota) — өнөрпоздордун жана усталардын тарыхый шаары, ал  абдан кооз,  чакан  жана тоодо жайгашкан.

Эгер сиз, Франция орто кылымдарда кандай болгонун көргүңүз келсе, сөзсүз Биотко  барыңыз — анын архитектурасы, маданий жана тарыхый мазмуну эч бир өзгөргөн эмес. Өзүнүн “бийик ” жерде жайгашканына карабастан, шаарга транспорт жеткиликтүү жана “даңазалуу” Ницца жана Каннадан бир нече мүнөттө эле жетүүчү жерде жайгашкан. Андан сырткары,  шаардын саякатчылары жана коноктору үчүн чоң унаа токтотуучу жай бар.  Биот абдан меймандос.

Ал туристтерди гүлдөр менен тосуп алат, гүлдөрдү бул жердин бардык жактарынан көрүүгө болот:  үйлөрдүн терезелеринен,  көчөлөрдөн ж.б. Айлананын кооздугунан, адам чарчагандыгы жөнүндө унутуп калат. Унаа токтоотуучу жайдан Сен Себастьян көчөсү аркылуу   уламдан-улам  жогорулаган сайын көп сандаган кафелер жана дүкөндөр тосуп алат.

Шаардын архитектурасы көңүлдү өзүнө бурат — таң калыштуу   тарыхый эстеликтерден, музейлерден жана борбордук  Аркад аянтынан (фр. Place des Arcades)  сырткары,  Биот XII кылымдардагы орто кылымдын кооз аркаларына толтурулган.

Усталардын шаары

Эгер, сиз  Францияда  саякаттап жүргөн учурда, Зюксинддин чыгармасындагы каарманды эстеп, керемет атырларды, Марселдин жыпар жыттуу самындарын, жергиликтүү сувенирлерди жана о.э. декоративдик буюмдарды ала келүүнү кааласаңыз, Биот —  сиз үчүн эң туура жер. Себеби, шаар, Франциядагы негизги айнек жасоо борборлорунун бири.

Бул жердин эң негизги кооздуктарынын бири—  айнек.  Шаарга кирип келе жаткан жерде, тоонун боорунда, бир нече фабрика жана галереялар жайгашкан. Көркөм айнек фабрикасы (фр. la Verrerie de Biot)  өзүнүн экскурсияга келген конокторун күтөт. Бул жерден, усталардын колунан көркөм жасалмалар кантип жаралаарын жана жансыз нерсеге  жаңы жашоо берилип  жатканын көрүүгө болот жана булар адамдарга көп убакытка чейин кызмат кылышат.

Биот бардык убакта, карапа өндүрүшү менен даңктуу болгон. Бул жерде  кумдун, чопонун,   магнезиянын кендери бар. Байыртадан эле фокийцтер Антиб порту аркылуу  кумараларды ж.б. чоподон жасалган буюмдарды сатыка жөнөтүп турушкан.

Биот Франция

Ортоңку кылымдын сулуулугунан биздин күндөргө чейин

Шаарда роман стилиндеги Мария  Магдаленанын  (фр. Eglise Sainte Marie Madeleine) 1506-жылдарда салынган  чиркөөсү бар жана ал чиркөөнүн ичинде Мариянын XVI кылымга таандык колго тартылган иконостасы бар.

Биотто заманбап искуствого арналган, кубизмдин өкүлү болгон Фернана Леженин  (фр. Musée nationale Fernand Legér) музейине барууга болот. Ал бир эле сүрөтчүгө арналган, Франциядагы жалгыз музей.

Бул жерде,  салтты Франциянын бардык жерлериндегидей эле,  абдан урматташат жана сыйлашат. Бирок,  бул жерде гана жергиликтүү, илгерки үй-бүлөлөрдүн аракети менен Биоттун тарых жана керамика музейи  (фр. Le Musée d’Histoire et de Céramique Biotoises) ачылган. Ал жерден,  илгерки жашоону чагылдырган фонтандардын, банкалардын,  костюмдардын, кол өнөрчүлүктөрдүн, сүрөттөрдүн жана буюмдардын кооздолгон коллекцияларын көрүүгө болот.

Андан сырткары Биотто,  Бонсай музейи (фр.Le Bonsaï Arboretum) бар.  Бакча 1000 чарчы метрди түзөт.

Биот —  Франциядагы жакшынакай шаар, ал жактан Франциядагы  Көгүлтүр Жээктин негизги көңүл ачуучу чоң курортторуна жакын жерде жайгашкан.  Өтө алыс эмес жерде, Меринленд Европадагы эң чоң көңүл ачуучу парк, Көпөлөктөрдүн токоюу, Ай  ж.б. аква – парктар жана о.э.  чоң гольф-клубу бар.

Биот франциянын чыныгы кыштагынын  сулуулугун  жана Көгүлтүр Жээкте эс алуунун эбегейсиздигин айкалыштырат —  көңүл ачуу, деңиз, күн жана аземдүүлүктү.

Ниццага чейин эртерээк билет сатып алыңыз же Биоттун өзүнө чейин чартерге буйрутма жөнөтүңүз.

Compare

Enter your keyword