Франциядан батир табуу

Батирлер картадан:

Батирлерди ижарага алуу

Континенттен тоо кыркалары менен бөлүнгөн, Франциянын Ривьерасынын көгүлтүр деңизинин жээги, майда таштуу жана кумдуу жээктер,  жыл бою жумшак климат – эс алуу үчүн унутулгус жана эң ыңгайлуу жай. Ницца, Канна, Сен – Тропе –  булар жана Көгүлтүр Жээктин башка  белгилүү шаарлары бир курорттук зонаны түзүшөт.  Франциядан батирди ижарага алуу менен сиз  көз карандысыз эс ала аласыз.

Эгер, экөөңөр эс алсаңар, анда   кооз жана жайлуу батирди ижарага алууга болот жана ал жерден, эч ким сиздин  тынчыңызды албайт. Үй-бүлөлүк эс алуу үчүн ыңгайлуу ашкана эң туура болот. Көңүлдүү жана шаңдуу достор үчүн ыңгайлуу көп артыкчылыктары бар батир табылат. Каалооңузга жана мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша каалагандай батир же жогорку статустагы вилланы да ижарага алууга болот.

Аренда апартаментов

Андан сырткары, ижарага алынган жайдын каалаган инфраструктурасын тандап алууга болот:   бассейн, машыгуу залы,  теннистик корт, паркинг ж.б. Ушул ж.б. ыңгайлуулуктар өтө жакшы эс алууга өбөлгө түзөт.   Франциядан арзан жана жакшыраак батирлерди  табууга мүмкүнчүлүк бар болуп турган учурда, кымбат мейманканага туруунун кажети жок. Өзүңүз каалганынын  таандоого дайыма мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Көгүлтүр Жээктин баардык жээктери дайыма эң сонун абалда сакталып турат. Ошондуктан, Орто-Жер деңизи  күндүзү сизди дайым кубандырып турат.   Кечки эс алуу да өтө сонун: Монаконун жана  Каннанын легендарлуу клубдары, Кань – сюр – Мер шаарчасындагы кечки ат чабыштар, Сен – Тропедеги “Падыша үңкүрү” жана көп сандаган заманбап ресторандар.

Аренда апартаментов

Ар түрдүү экскурсиялар аркылуу белгилүү шаалардын архитектуралык эстеликтерин көрүүгө болот. Кичиней туристтерди чоң көңүл ачуучу парк өзгөчө кызыктырат. Монте – Карлонун көп сандаган казинолоручу…

Мындай укмуштуу кооздуктардан кийин, жайлуу батир өзгөчө ыракат тартуулайт.   Франциянын “Көгүлтүр Жээгинен” батирди ижарага алуу менен, эс алуунун сапатын жакшыртууга, көз карандысыз жана өтө сонун эс алууга болот.

Compare

Enter your keyword